Menu

Казакстанда активист үй-бүлөсү менен нааразылык акциясына чыкты

Бөлүшүү:

Шымкент шаарында 10-июлда жарандык активист Нуржан Мухаммедов үй-бүлөсү менен бирге акимчилик имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Ал полиция тарабынан аңдууга алынганын айтып, бийликтен куугунтуктоолорду токтотууну талап кылды. Мухаммедовдун балдары колдоруна: “Биз кул эмеспиз, Куугунтуктоону токтоткула” деген баракчаларды кармап турушту.

Нуржан Мухаммедов 10-майда саясий туткундарды бошотуу талабы менен митингге чыкканы үчүн эскертүү алган. Кийин соттун чечими менен 10 суткага административдик камакка алынган. Ал ошондон бери полиция кызматкерлери өзүн аңдып, түрлүү кысым көрсөтүп жатканын айтып, калаа акими менен кездештирүүнү талап кылган. Бирок өзүнө кысым жасала баштаганы тууралуу эч жерге арыз менен кайрылган эмес.

Шаар акими чыкпаган соң Нуржан Мухаммедов өзү менен кошо ала келген бензинди үстүнө куюп, өрттөмөк болгон. Акимдин чыгуусун талап кылып жатканда аны бир нече полициячы курчап турган. Бирок колуна чакмак кармап алган активист жанына эч кимди жолоткон эмес.

Ошол маалда калаа акиминин орун басары Кайрат Нуртай чыгып, активистти имараттын ичине кирип сүйлөшүүгө көндүргөн. Мухаммедовдун талабын уккан аткаминер полициячыларга карата текшерүү жүргүзүлөрүн айтты.

Активист Нуржан Мухаммедов куугунтуктоолорго байланыштуу ижарада турган батиринен чыгып калганын, учурда өзү иштеген дүкөндүн кампасында жашап жатышанын билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул боюнча жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну убада кылышты.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: