Menu

Өзбекстанда бизнес-омбудсменге тергөө абактарына кирүүгө уруксат берилди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда бизнес-омбудсменге тергөө абактарына кирүү жана айыпталуучулар менен соттолгондордон кайрылууларды кабыл алуу укугу берилди.

Тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазаларды аткаруу мекемелеринин жана ИИМдин тергөө абактарынын ички тартиби жөнүндөгү эрежелерине киргизилди.

Ошол эле маалда тергөө абагынын администратору акыйкатчынын коопсуздугун камсыздоого тийиш.

Бизнес-омбудсмен менен парламенттин адам укуктары боюна ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары дээрлик теңелди. Бирок акыйкатчыга түрмөлөргө кирүүгө уруксат берилген жок.

Ошол эле маалда ИИМдин тергөө абактарындагы жана түрмөлөрдөгү кишилерден арыз-даттануулар бизнес-омбудсменге текшерилбестен, цензурасыз бир сутканын ичинде жөнөтүлөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: