Menu

Ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү, электромобилдерге нөлдүк коюм киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында физикалык жактар аркылуу ташылып келинген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришинин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталган.

Атап айтканда, Өкмөттүн токтому аркылуу бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине дейре төмөндөтүлөт.

Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унаа транспорттук каражаттарга 1 куб.см үчүн 0,5 доллардан 0,6 АКШ долларына дейре өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.

Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.

Белгилесек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына дейре иштейт.

Чыгарыл-ган учурдан тартып өткөн мезгил

8703 10, 8703 21, 8703 22, 8703 23, 8703 31, 8703 32 товардык субпозиция-лардагы автотранспорттун

бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

8703 24, 8703 33

товардык субпозиция-лардагы автотранспорт

тун

бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

8703 40, 8703 50, 8703 60, 8703 60, 8703 70

товардык субпозиция-лардагы автотранспорт

тун

бир куб.см үчүн АКШ долларында бажы алымдарынын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

8703 80 товардык субпозиция-лардагы автотранспорт

тун

бир кВт/саат үчүн АКШ долларында бажы алымдары

нын  жана салыктардын бирдиктүү ставкасы

2018 – 2019-жылдар (***)

2018 – 2019-жылдар (***)

2018 – 2019-жылдар

2018 – 2019-жылдар

1 жыл

1,4

2,1

0,5

0

2 жыл

1,3

2,0

0,5

0

3 года

1,2

1,8

0,5

0

4 жыл

1,1

1,7

0,5

0

5 жыл

1

1,5

0,6

0

6 жыл

0,9

1,4

0,6

0

7 жыл

0,8

1,2

0,6

0

8 жыл

0,7

1,1

0,6

0

9 жыл

0,6

0,9

0,6

0

10 жыл

0,5

0,8

1

0

11 -12 жыл

0,4

0,6

4

0

13 жыл жана андан ашык

6

6

6

0

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: