Menu

Камчыбек Ташиев: “Атамбаев менен жыл башында бир ирет жолукканбыз, калганы калп!”

Бөлүшүү:
– Камчыбек Кыдыршаевич, айрым маалымат булактары сиздин экс-президент Алмазбек Атамбаев эки жолу жолугушуп, узакка баарлашканыңызды жазып чыгышты. “Алардын жолугушканын президент Сооронбай Жээнбековдун командасы да жакшы билет экен… Камчыке эки дос – Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосуна көпүрө болуп, жараштырганы жүрөбү деп ойлоп калдык…”- деп айтып жатышат. Бул маалымат чынбы?
– Жыл башында бир ирет жолукканбыз. Бирок, Алмазбек Шаршенович менен менин бүгүнкү күндө сүйлөшө турган эч кандай сөзүм жок. Учурда Орусия жергесинде өтүп жаткан футбол чемпионатын шаарларында кыдырып көрүп жүрөм. Кыргызстанда саясатта эмне иш болуп жатат, кабарым бар, бирок, аралашкан жокмун. Саясатта кармаган тыныгуу учурумда көп нерселерди ойлондум. Келечек багыттарымды камдадым. Ошол себептүү, айта турган сөздөрүбүз, жасай турган иштерибиз, али алдыда!
– Азыркы жана экс-президенттер менен мамилеңиз кандай анда, тактап койбойсузбу?
– Мен президенттик шайлоодо карманган, тандаган жолумдан тайган жокмун. Сооронбай Шариповичтин ишине азыр баа берүү эрте. Эми гана президенттик сапары башталды. Коомчулукта баасын берүүгө мүмкүнчүлүгү көп болот. Атамбаевдин саясаттагы жолуна суктанбайм, башка эч нерсе айта албаймын.
– Жалал-Абаддагы мэр шайлоодо иниңизди өткөзбөй койгондон кийин бийликке таарынган жоксузбу?
– Мен башында эле айткам, экөө тең менин жакын инилерим. Кимиси болбосун, мен өстүргөн кадрлар. Мэрди депутаттар тандашат. Ошондуктан, бийликке кандай таарыныч болмок эле…
– Жо-ок, Камчыбек мырза, түшүнбөй калдыңыз, Асылбек Жээнбековдун кийлигишкенин айтып атышат го…
– Мен бул сөздөргө ишенбейм. Асылбек Жээнбеков түз жүргөн жигит. Анын мындай ыплас иштерге аралашканына ишенбейм… Билем, суроолор көп болуп атат… Анын баарына барганда жооп берейинчи, стадиондо элем, жакшы угулбай калып жатат… Рахмат, кыргыз элине салам!
А.БЕЛЕКОВ
Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: