Menu

Ак-Буура унаа жууган жайга айланды

Бөлүшүү:

Жай кызыды. Тилекке каршы, Кыргызстандын түштүк башкалаасын как ортосунан жарып аккан Ак-Буура дарыясы ушул тапта кирге гана чулганып баратат.

Анткени, өзөндү бойлото айдоочулар автонууларын катарынан жуушуп, а түгүл өздөрү дагы кадимкидей даарат ушатып жатышат.

– Мына, көрдүңүздөр го, моминтип машиналарын Ак-Буурага киргизип алып жууп жатышат.

Мунун кеспетинен экологиялык нормалар одоно бузулуп жатпайбы,- деп чырылдады Ош шаарынын тургуну Мамашарип Токтобаев. – Машиналарды жууган жайлардын ылдый жагындагы жээкте биздин балдар Ак-Буурага байма-бай чөмүлүп жатышат. Бардык эле тургундар күн ысыганда ушинтишет. Ден соолукту бузгандарга Ош шаарынын мэриясы чара көрбөстөн көз жуумп келаткандыгы абдан өкүндүрөт.

Айтмакчы, Ак-Бууранын жээгиндеги экологиянын акыркы күндөрдө туруктуу бузулушу боюнча калаанын Түштүк-Чыгыш районунун тургундары Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевге бир нече ирет кайрылышкан. Бирок, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендерге эмдигиче мыйзам чегинде катаал чара көрүлө элек.

А.ТОКСОНБАЕВ

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: