Menu

Бишкектин 1-вице-мэри камалды

Бөлүшүү:

“Жебеген жердин астында”, – демекчи, эски бийликтан баардык эле кресло кучактаган тың чыкмалары колу жеткен байлык, мүлкүн уурдап, тоноп, ага да тойбогондо кара жерди сатып акча жасашкан турбайбы. Азыр УКМКнын тергөө абагына А.Атамбаевден башка мурдагы бийликтин чиновниктери баары эле камалды окшойт. Жакында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго айыбы угузулуп, соттун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алынды. УКМКнын маалыматына ылайык, Р.Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, борбор калаанын №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналууда. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да коррупцияга шектүү катары камакка алынган. Бишкектин мэри А.Ибраимовго деле буга чейин бир кездеги коррупциялык иштерине байланыштуу айып тагылып, азыр бир буту мэрияда, экинчиси УКМКда жүрөт. Бирок эл акыркы алты жылда мамлекетти таз жорудай талап-тоногон кузгундарды камап, бекер багып отурбай, мамлекетке келтирген зыяндарын кайра кайтарып алууну жана туугандары менен аялдарына катталган мүлктөрдү улутташтырууну талап кылууда.

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: