Menu

Видео – Мэрия «Таксим» Бир туугандар кафесин эмне үчүн мыйзамсыз бузду? Албек Ибраимов кимдин буйругун аткарды?

Бөлүшүү:

Көпчүлүккө  белгилүү болгондой Бишкектин Октябрь кино тетрынын жанында “Таксим” Бир туугандар кафеси көп жылдан бери иштеп, даамчуу тамактары менен шаардыктарды, сырттан келген конокторду тейлеп келет. Ал кафени түрк жараны Алибир тууганы менен иштетип келет. Быйыл жылдынбашында Бишкек мэриясы “жылкы теппей, жылан чакпай” туруп, бирөөлөрдүн буйругун шашылыш аткарып жаткандай “Таксим” кафесин атайы техникалар менен барып, бузганы белгилүү. Мэрия жумушчулары ал кафенин бир топ жерин бузуп жиберишкен. Ошондон бери бул маселе чечилбей, талашка айланган. Биз бул маселенин чоо жайына кызыгып, аталган кафенин ээси Али жана анын адвокатын кепке тарттык. Көпчүлүктүн назаарын буруп турган окуянын чоо-жайын төмөндө бирге окуйлу.

Умарова Элмира, жактоочу:

“Бишкек мэриясы “Таксим” кафесин мыйзамсыз бузган. Азыр соттошуп жатабыз”

-Мен бир топ жылдан бери жактоочу болуп иштейм. Азыр мен Октябрь кино театрынын жанында жайгашкан “Таксим” бир туугандар кафесинин ээлери түрк жарандарына жактоочулук кылып, жардам берип жатам. Ушул жылдын январь айынын орто ченинде Мэриянын курулуш башкармалыгы “Бул кафени түртөбүз, же өзүӊөр түрткүлө” – деген билдирүү калтырышат.

Түрк жарандары ал билдирүү кагазы орус тилинде болгондуктан,  маселенин чоо-жайын толук түшүнүшкөн эмес. Түрк жарандары кафенин ээсине чалып, текшерүү келгенин билдиришет. Ээси келгенче  эле мэриянын кызматкерлери: “бул жөн эле кагаз, биз күтпөйбүз, кол кое бер” – дегенде түрк жарандары кол коюп коюшкан экен. Ошондон 10 күндөн кийин, 26-январда мэриянын кызматкерлери техникалар менен келип, эч кандай эскертүүсүз эле түртүп баштаган. Менин маалыматым боюнча түрк жарандары бул кафени иштетүүгө, оӊдоп-түзөөгө 400 миӊ доллардан ашуун акча сарпташкан экен. Түркиядан жерин сатып, банктан насыя катары алышыптыр. Негизи бул  кафе турган жердин ээси кыргыз жараны. Булар болсо ал адамдан ижарага алышкан.  Бул кафе 10 жылдан бери бери иштеп жатат. Бул мезгилде кафенин кожоюндары кафеге байланыштуу, же башка иштер менен да бир да жолу мыйзам бузушкан эмес. Анан эле бир күндө минтип, эч кандай эскертүүсүз кафени бузуп киргендери  абдан таӊ калычтуу болуп калды. Менимче, бул жер чиновниктердин бирине керек болуп калган го деген ой кетет. Бул жагын кафе ээлери өздөрү айтып беришер.

https://www.youtube.com/watch?v=GZeLGjdTjnw

Мен жактоочу катары Экотехинспекцига, мэрияга бул иш мыйзамсыз болгонун, алардын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрыларыбызды  билдирип кайрылдым. Алар ошондон кийин алар бузулган жерди кайра бузалы деп сотко беришти. Эми ушундай кантип болсун, биринчи өздөрү шашылыш бузуп алып, кайра ошол жер бузулгандан кийин кайра бузабыз деп сотко кайрылгандары. Эми азыр бул иш Ленин райондук  сотто каралып жатат.  Алар кафенин калганын толук бузабыз дешкенде, биз аларды сотко берип токтоттук. Сот дагы Экотехинспекцияга бул кафени бузуу мыйзамсыз боло турганы билдирген. Бирок ошого карабастан алар сотун чечимин тоготпой  бул кафени бузуу үчүн болгон аракетин жумшап жатышат. Сот болсо созулуп жатат. Себеби, мэриядан, Экотехинспекциядан өкүлдөр сотко келбей жатышат, биз эле барып жатабыз. Менимче, бул иш  боюнча Башкы прокуратура мэриянын мындай мыйзамсыз кадамдарына баа бериши керек. Биздин угушубузга караганда бул кафени бузууга мэр Албек Ибримов өзү буйрук бериптир. Негизи бизде мыйзамсыз салынган мекемелер, үйлөр көп. Эмне үчүн ошолорду иликтөөгө алып, ошолорду бузбай, бул мыйзамды иштеп жаткан кафени бузгандары абдан эле мандемдүү иш болуп турат. Биз эми бул маселе боюнча аягына чейин барабыз. Соттон үмүт кылып турабыз. Бизге адилеттүү чечим чыгарып берер.

Али: “Таксим” Бир туугандар кафесинин кожоюну:

“Ушунун баары Октябрь кинотеатрынан келген турбадан келип чыкты. Салымбеков байкебизге жолуктук…”

-Мен 13 жылдан бери кыргыз элине Түркиядан келип, бизнес кылып жатам. Мен бир тууганым Мамет менен бул кафени ижарага алып иштетип жатабыз. Өзүбүз шеф-поварбыз. Бул кафе 9 жылдан бери иштеп жатат. Мен Кыргызстанга 13 жыл мурун келгем. Бул кафени 8 жыл иштеткенден кийин, жаӊылык киргизели деп бир тууганым экөөбүз 1,5 жыл мурун капиталдык ремонт кылдык. Мисалы, өрт коопсуздугуна чыдай турган курулуш материалдарын койдук. Терезе ж.б. жерлерди башкача кылып, өзгөрттүк. Түркияда атамдын жерин саттык, банктан насыя алып, анан бул кафени жакшы кылып оӊдодук.  Жалып 450 миӊ доллардан ашуун акча кетти. Насыябызды төлөй албай жатабыз. Себеби, бизге ушундай тосколдуктар болуп калды да.

Ошентип иштеп жатканбыз. Анан эле быйыл январь айында мэрия биздин кафенин бир топ жерин бузуп салышты. Адвокатыбыз айткандай алардын орусча жазылган билдирүүсүн чынында биз түшүнгөн эмеспиз, мэрия кызматкерлери шаштыргандан улам кол коюп берип салганбыз. Бузуп баштаганда мен эч нерсеге түшүнбөй маӊ болуп калдым. Мен Кыргызстанда инвестор катары иштеп келгем. Мисалы, 35 кишини жумуш менен камсыз кылып, аларга 20 миӊ сомдон кем эмес айлык берем. Айына 55 миӊ сом салык, 48 миӊ сом соцфонд төлөйм. Мындан тышкары, кышкысын 150 миӊ, жайкысын 80 миӊ сом электр энергия үчүн төлөйбүз.

Бул маектин видео версиясын төмөндө көрүӊүздөр:

https://www.youtube.com/watch?v=ezmPniZ6qw8

Кафе боюнча ушундай көйгөй болуп калганда, мага түрк парламентинин спикери чалып чоо-жайды сурады. Ушуга байланыштуу видеону соцсеттерге салсак, бизге Түркиядан, Америкадан ж.б. жактардан телефон чалышып: “13 жылдан бери иштеген силерге ушундай мамиле болсо, биз барсак кандай болот?”- деп сурашты. Биз: “Жаман улут, жаман мамлекет жок. Бул жакта баары жакшы. Бирок жаман адамдар гана болушу мүмкүн. Бул да болсо Кудайдын бизге берген сыноосу.Кудай буйруса баары жакшы болот. Силер келсеӊер, бул жактан өз максатыӊарды ишке ашырасыӊар” – деп айттык. Мен Кыргызстандын президентине да, мыйзамына да ишенем. Биз да түрк жараны катары Кыргызстандын өсүп-өнүгүшнө аз да болсо өз салымыбызды кошкубуз келет. Кайрымдуулук иштерине да көп көӊүл буруп, жетим балдарга кайрымдуулук кылып келебиз. Алардын баарын мактаныч катары айткым келбейт. Мен Сауд Арабияда, Бахрейинде, Дубайда, Катарда иштегем. Мен ал жактагы досторго Кыргызстандын сулуулугун даӊктап, ар дайым көп чакырам.

-Сизди Түркия президенти Эрдогандын Кыргызстандагы повары дешет экен. Ушул чынбы?

— Биздин кафеге  чет мамлекеттерден абдан көп сыйлуу адамдар келишет. Мисалы, Мекке шаарынын имамы бизге келип, тамактанган. Ал адам көп жерлерге бара бербейт. 5 жарым жыл мурун түрк президенти Эрдоган келди. Мен ага чүйгүн тамактарды жасап бердим. Мындайча айтканда, мен түрк президентинин бул жактагы поварымын десем болот.

-Сиз иштеткен кафени мэрия эмнеден улам бузуп жатат? Деги, бул маселе эмнеден улам келип чыкты?

-Ысык суунун турбасынан келип чыкты десем болот. Ал турбалар биздин кафеге Октябрь кино театрынан келет. Эскирип калыптыр. Аны билип калгандан кийин биз Аскар Салымбеков байкеге барып, баарын түшүндүрүп айттык. Кинотеатрдын жетекчиси Адыл байке болуп сүйлөшүп, эркекче кол алыштык. Биз ал турбаларды алмаштырууну өз мойнубузга алып, жалпысынан  70 метр турбаны 2,5миллион сомго алмаштырдык. Негизи бул турбадан кинотеатрдан баш тартканын уктук. Адисттер айтты, ал турбалар Россиядан чыгыптыр, чирибейт чыдамдуу,бышык деди. Бирок биз ошого карабай баарын алмаштырып, баарын жакшы кылып койдук.

Бузуу учурунда тартылган тасма:

https://www.youtube.com/watch?v=ZoJ2LyfhD4o

-Салымбековдор менен кол алышып, баарын чечишип алгандан кийин анан кафеӊер бузулду да…

-Ооба.Турбаларды ага чейин эле алмаштырганбыз. Аскар байкенин айтканын биз аткардык. Ал кишинин бизге көз карашы түз эле. Бирок менимче ал кишини аркасындагыларбы, ошолор бизге кичине каршылык кылышты окшойт. Жумабек Салымбеков Бишкек шаардык кеӊешинде депутат болуп иштейт. Ал кишиге да жолуктук. Бирок ал бул маселени чече албасын айткан. Эми сот бизге адилеттүү чечим чыгарып берет деп үмүт кылып жатабыз. Мен президентке да ишенем. Президентибиз бул биздин ишке көз кырын салып коет деп үмүт кылып жатабыз.

Айбек Шамшыкеев

Алинин Кыргызстан-Тажисктан футбол беттешинде күйөрмандык кылганы:

https://www.youtube.com/watch?v=u_0gT9gHXtk

Булак: “Багыт” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: