Menu

Дача-СУдагы кырсыктын чыныгы себеби качан аныкталат?

Бөлүшүү:

Азыркы бийликтин коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жаткандыгын колдойбуз, бирок түздөн-түз АШАга байланышкан маселелерге келгенде бир аз карманып жаткандай. Мүмкүн ага Атамбаевдин “кол тийбестиги” тоскоол болуп жаткандыр.

Ошентсе да АШАнын тиешеси бар иштери кылдат тергөөгө алынышы зарыл. Маселен, “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача-СУдагы 38 адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка 1,5 жылдан ашты.

Түркиядагы Adimlardergisi.com сайты өз өлкөсүнүн Улуттук чалгындоо уюмунун маалыматына таянып, ал жерде кыйраган “Боинг-747” маркасындагы жалпы баасы 250 миллион долларлык жүктүн бардыгы Кыргызстандын экспрезидента А.Атамбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгондугун жарыялаган.

Адатта өлкөнүн коопсуздугуна, чоң саясатчыларга байланышкан криминалдык маанилердеги маалыматтар ММКларга чыкса тийиштүү өлкөлөрдүн атайын кызматтары ошол замат текшеришип, анын чын же жалгандыгы тууралуу расмий маалыматты коомчулукка жеткиришет.

Алардын мамлекеттин, элдин алдындагы милдеттеринин бири ошол, ошон үчүн бюджеттен каржыланышат. Бирок экспрезидент А.Атамбаев эл аралык контрабандалык мафиянын башчысы катарында айыпталып, ага чейин Кыргызстанга анын “крышалоосу” менен контрабандалык жүк ташыган 50дон ашык учак келгендиги айтылса да биздин укук коргоо органдарыбыз бул боюнча үн ката элек.

Эмне үчүн? Биздин оюбузча, күч органдарында АШАчылардын позициялары бекем болгондугунан улам гана Дача-СУдагы кырсыктын себептери, табышмактуу жүктөр өтө эле жай иликтенип жаткансыйт. Бирок, бул окуя сөзсүз аягына чыгышы зарыл жана күнөөсүз кыйылган өмүрлөргө жоопкерчиликти тарта турган адам аныкталышы керек.

Муну эл да күтүп жатат. Бирок, күч кызматтарында таасирдүү орундарды ээлеп турган АШАчылар күнөөсүз адамдардын, алардын ичинде жаш наристелердин кандары жаткан кырсыкка келгенде унчукпай кутулуп кетише албай тургандыгын, бул маселенин чыныгы себептерин, табышмактуу жүктүн ээсин, мурдагы каттамдарда келген жүктөр каякка кеткендигин аныктап, күнөөкөрлөргө укуктук баа берүүнү камсыз кылуу өздөрүнүн эл алдындагы ыйык милдеттеринен экендигин эстеринен чыгарбоолору керек! Эмне үчүн тиешелүү органдар тарабынан жок дегенде Түркиянын Adimlardergisi.com сайтына жарыяланган маалыматка комментарий берилбей жатат? Шейит кеткендердин жакындары, жалпы эле Кыргызстандын эли Дача-СУдагы кырсыкка байланышкан маселелердин толук аягына чыгарылуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Кызгалдак ЖАКЫПОВА

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: