Menu

Сегизбаев АШАны «түп орду менен саттыбы»? …

Бөлүшүү:

Атамбаев доорунда өтө бийик жана чечүүчү кызматтарга көтөрүлгөн Абдил Сегизбаевден кабар жок. Ал быйыл апрель айынын башында УКМКа төрагалыгынан президенттин жардыгы менен бошотулган эле.  УКМКага болсо Сегизбаев 2014-жылы келип, 2015-жылы аны жетектеп калган эле.

Сегизбаев бул кызматта белгилүү саясатчыларды куугунтукка алуу жана Атамбаевдин камчысын аянбай чабуу менен эсте калды. Ал Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башкаларды жасалма жалаалар менен Атамбаевге “чаап” берди.

Текебаевди каралоо үчүн “Белизгейт” аферасын ишке ашырды. Атамбаев экөө аны Акүйдүн жетинчи кабатында отуруп алып, жамы журтка ашкере айтышты. Бирок анысы эч бир далилденген жок. Сегизбаев муну менен тынып калбай Россиядан Маевский деген шектүү күбө таап, бир ошонун көрсөтмөсү менен Текебаев, Чотоновду абакка салды. Атамбаевдын табасын кандырды.

Эгерде президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаев бийлигин алсыратуу жана өз бийлигин бекемдөөгө байланыштуу иштерде гана“адилеттүүлүк” көрсөтпөй, Атамбаев доорундагы бардык иштерге адилет карай турган болсо, анда Сегизбаев сыяктуу “кызыл камчылар” да жоопко тартылып калышы турган иш…

Бирок Сегизбаев Атамбаев “жездесин” дароо эле сатып, анын бардык кыңыр иштерин, коррупциялык схемаларын Жээнбековдорго толук ачып бергени айтылууда. Ал ким, кайсы убакта, канча парасын көтөрүп кирип турганы тууралуу маалыматтарды толук берген. Мына ошону менен жансактап турган шекилди…

Сегизбаевдин мындай “саткындыгы” АШАнын ачуусун абдан келтирип, “мен муну генералга жеткирсем… колго кайра амал бир келсе катыгын берет элем»- деп жер тепкилеп атыптыр…

Дал ушул себептерден улам Атамбаев курган жыйындарда Сегизбаевдин карааны такыр көрүнбөйт окшойт.

Ал эми Атамбаевдин жанында айланчыктап жүргөн Сапар Исаковдун абалы татаал. Ал Атамбаев жанында анын тагдыры үчүн эмес, Атамбаев менен бир  кара жипке байланып калганы үчүн жүрөт. Башка жактан ага колдоо да, кубаттоо да болбойт.

АШАнын маалымат каражаттары да коррупция боюнча кылмыш иши козголгондон бери Сапар Исаковдон алыстап, ал тууралуу “ак же көк” дей элек…

elnews.media

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: