Menu

Тажикстанда акимчилик имаратын жардырууга аракет кылган өспүрүмдөр соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстанда Пенжикент шаардык акимчилигинин имаратын жардырууга аракет кылган үч өспүрүм соттолду.

Маалыматка караганда, Согди облустук соту 17 жаштагы Гуфрон Хайдаровду 6,5 жылга жана анын эки курдашы Миркамол Жаббора менен Муроббек Хайдаровду 5,5 жылга эркинен ажыратты. Үчөө тең терроризмге жана экстремисттик уюмдардын ишине катышууга күнөөлүү деп табылышты.

Өспүрүмдөр былтыр жыл башында кармалышкан. Анда алар социалдык түйүндөр аркылуу «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрүнүн бири менен байланышып, анын жетекчилиги менен жардыруучу зат даярдашканы айтылган. Сотто өспүрүмдөр шаар акимчилигинин имаратын эмес, аларды дайыма кемсинтип, сабап жүргөн коңшусунун үйүн жардырууну каалашканын айтышты.

Бирок сотто балдардын ИМ жоочусу менен шаар акимчилигин жардырууну талкуулап жаткандыгы жазылган аудио уктурулду. Алар ИМдин мүчөсү менен IMO мессенжери жана Zello интернет-каналы аркылуу байланышкан.

«Биздин коңшубуз аларды дайыма кемсинтип, кол көтөрчү. Гуфрон андан өч алууну каалап, интернеттен жардыруучу зат жасоонун ыкмаларын издеген. Ага коңшусунун үйүн кантип жардыруу керектигин көрсөтүп бере тургандыктарын айтышып, бул үчүн акимчилик имаратын дагы жардырууну талап кылышкан. Ал буга макул болгон, бирок анын планында коңшусунан гана өч алуу болгон. Бул ишти аткарууга ага туугандарыбыздын эки баласы кошулган», – деди соттолгон балдардын биринин апасы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: