11-июль күнү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Каракол шаарында милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү тургундарды кабыл алды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин орун басары жергиликтүү тургундарды жеке өзү кабыл алып, тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги О. Урмамбетовго аны мыйзам чегинде аткаруу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди. Көпчүлүк айтылган маселелер жеринде чечилип, ал эми ички иштер органдарына тиешеси жок болгон көйгөйлөр, тийиштүү мамлекеттик органдарына карап чыгуу үчүн жиберилди. Ал эми, тергелип жаткан кылмыш иштер боюнча макул эместигин билдирген жарандар тиешелүү жоопторду алып, аларга сунуштар берилди.
Жарандарды кабыл алууга келишкендер министрликтин жетекчилигин жер-жерлерде ушундай кезигишүүлөрдү уюштуруп, жарандардын арыз, даттанууларына жана кайрылууларына тийиштүү чаралар көрүлүп жаткандыгы боюнча тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ