Menu

Кайсарлардан, кайбарлардан соо калдыкпы?

Бөлүшүү:

Жыйырма сегиз жылдан бери Кыргызстанды шүдүңгүттөргө талатып, тонотуп келдик. Т-ээ илгери кашка баш киши өлкөгө башчы болуп келгенде Бирштейн деген “алпка” болгон алтыныбызды жүктөп бергенбиз. Учак менен толо алтынды ташып кетүүгө албетте, мамлекеттин так жотосунда тургандар салым кошкон. Ошентип эркиндиктин даамын жаңыдан татыган карапайым эл куулук-шумдукту биле элек кезинде “бооруна” тептирген. Ал эми Максим Бакиев беш миллион койду тескеп турганда маркум Березовский учак менен Ысык-Көлгө келип эс алганы тууралуу жаңылыктар болгону ырас. Белоконь деген шумдуктуу көмүскө банкир да биздин ырыскыбызга суук колун соймоңдотуп жибергенин унута элекпиз. Елисеев, Гурьевич, Ширшов дегендер жергебизге тайраңдап кирип, өзүлөрүнүн “акча жуткуч” схемаларын жандандырып, тас жорудай түр көрсөтүп элдин байлыгын менчик банктар аркылуу оп тарта баштаган. Дагы жакшы экинчи жолку төңкөрүш жүз берип кетип аман калганбыз. Антсе да миллиарддаган каражатты эпчилдик менен өөнөп алууга жетишишти. Кызыгы, ошол кескилерди биздин эле шумпайлар коргоп чыгышпадыбы? Буга окшогон адвокаттар чанда туулат деп таңдайларын такылдатышкан бечара күн карамалар. Кошоматка кой эмес төө сойгонго даярлардан дале болсо толук кутула элекпиз.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун ооматы жанып турганда өлкөдө Кайсарлар, Муса Бажаев, Булат Утемуратовго окшогон олигархтар пайда болуп күнөстүү жергебизде “погода” жасоого умтулушкан. Бирок, алардын чылбырын колунан эптеп мурдагы ажо ажыратып алганы деле калп эмес. Эгерде артын олигархтарга такаган киши мамлекет башчы болуп калганда жүрмөкпүз “бирөөлөрдүн” алдында бөйпөлөңдөп. Лезгинка бийлеткиси келгендердин, домбура черттирем дегендердин ошентип тилеги таш капты. Болбосо борбордо ошол бийди мыкты бийлегендерге сыйлык уюштурулмак. Анткени Бабановго кошомат кылууну эңсегендер эптеп тигил досторуна жагынуу үчүн амалдарын ишке ашырышмак. Дегинкисинде акча үчүн кара жанын аябагандар толуп-ташып кетти. Дагы жакшы Теңир колдоп, элдин демилгеси аркылуу тагдырыбызды оң жолго салып алдык. Антпегенде жашообуз каякты көздөй бурулмак?

Дагы бир ишкер бар Шаки деген. Анын жанында шынаарлап Жалил Атамбаев, Нургазы Айдаров аттуу эргулдар жүрөт. Мына ошолор өзбекстандык Салимбай байбачанын алдына барып жагымсыз кыймыл аракеттерди жасаганын видеодон көргөнбүз. Атлас белбоо тагынып алып тимеле эдиреңдеп эч кимди таанышпайт десең… Көмүскө иштер менен шугулданган, депутат болуп күпүлдөгөн, тигил кемпайлар менен кошо палоо жеген Дамир деген шумпай өзүнө ор казып алды. Сугалактык кыла берсең бир күнү капканга түшүп каларыңды унутпа дешсе да болбой жүрүштөрүн өөрчүтө бергендиктен оңкосунан түштү. Оңбой калган кишини эми казактар оңой менен темир тордон чыгарышпайт го? Дамикең колго түшкөндө гана бажыдан миллиарддаган сомдор “адалданып” кайбарлардын капчыгынан орун аларына көзүбүз жетпедиби? Болбосо кайран элдин үлүшү талаага чачылып, берекеси учмак. Койдой момун элдин, жергебиздин дөөлөттөрүн бир ууч шумпайлар эле сомдоп жүргөнүнөн кеч болсо да кабардар болуп жатканыбыз көп нерсени сездирди.

Кыргыздын кереметтүү кендерин, байлыгын жеп, жутканга оозун кере ачып даяр тургандардын катарына парламенттеги эл өкүлү Азис Турсунбаевди да кошууга неге болбосун? Анын былыктары да ачыкка чыкты. Көрсө ал “бузукулардын үйүрүндө “ болуп далай чуулгандуу иштерди жүзөгө ашырыптыр. Жер семирткичтерди соодалап, каражатка тойунуу үчүн кыңыр иштерди аракетке келтиргени боюнча фактылар кумдай чууруп түштү. Криминалдык топторду түзүп, аларды өз кызыкчылыгына колдонуп жүргөнү боюнча аңыз кеп кетти. Өзүнө даректелген фактыларды кыйын болсо жокко чыгарып көрсүнчү? Кимдин укуругу узун эле? И-ии анда чындыктын элементи бар бекен көмүскө иштерде? Ал эми анын “урмат-сыйына” арзыгандар болсо “каарманын” аппак кылып көрсөтүүгө умтулганы жөн жөрдөн эмес. Табакташтар андайда өтө “ынтымактуу” болуп кетишээрин көкүрөгү кир эместер алаканга салгандай байкап турушат. Күйкөнү куш кылам деп канча оолуксаң деле ошол кейпинен бийик көтөрүлбөйт. Муну турмуш биротоло тастыктап бекемдеп таштаган.

Атаганат, кыргыздын кен байлыктарын, ырыс-кешигин кемиткендерди кимдер мурдунан сүйрөп келди. Жогоруда ошолор туурасында азыноолак кеп козгодук. Али “архивде” сакталып жаткан далай “сырларга” да кезек жетет. Качкандардын былыктарын чукуп чыкчулар азыр ойлонгон кези. Анткени айрым өз көмөчүнө күл тартканды куп үйрөнгөндөр ыңгайлуу учурду күтүп жатышат. Капыстан капканга чабылса, же өзүнө жылуулугу тийе турган варианттар жогортон сунушталса ичеги-кардын кошуп туруп соодалап жиберүүгө маштар шүдүңдөп арабызда эле жашап жатканы калп эмес. Максимдин узун кулактары, Жаныштын “оперлери”, Мелистин акча жасагычтары, Шадиевдин “агенттери”, мурдагы ажолордун калдыктары, күнү-түнү уктабай кожоюнун колдогон “фейктери”, сатылма, кубулма ырчы-чоорчулары жөн жатпай калсын. Ушунун баары ашказанды кампайтуунун амалына кирерин неге танмак элек? Каражат табуунун адал эмес жолдоруна түшкөндөр ушундай “кооптуу” ыкмаларга барууга аргасыз болушканы кызылдай чындык. Айтор, жашоо-күрөш дегенге кошулбай коюу туура эмес. Ошентсе да жээр наныңды ак мээнетиң аркылуу бел оорутуп, кол жоорутуп тапсаң берекелүү болорун, санаага чөкпөй оокатыңды кылууга чыйыр салынарын мээңе түйүп ал!

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: