Menu

Осмонбектин адамгерчилик сапаттары арбын

Бөлүшүү:

Ачарчылыкты, жокчулукту, Согушту башынан кечирген, токсон жаштын ырыскысына ортоктош болуп жаткан профессор Мира Ботбаеванын үйүнө барып калдык. Кептен-кеп чыгып отуруп азыркы абалга да кайрылууга туура келди. Учурдагы президенттин алгылыктуу иштерине токтолуп, келечекке карай айкын жол салынаарына ишеними бар экенин да кыйытты. Ошентсе да эл өкүлү катары далай жакшылыктарды элине арнаган Осмонбек Артыкбаевдин камалып калганына кабатырланып жатканын да эже жашырган жок. 90 жылдык мааракесин ушул депутат уюштуруп бергенине жетине албаганын, Осмонбек болбосо анчалык деңгээлде өтмөк эместигин ортого салды. Кандай болгон күндө да баары мыйзам чегинде тескелерине ишеними бар экенин айтып отурду.

Турмуштун оң, терс жактарын жакшы билген окумуштуунун сөзүнөн кийин акыл жүгүртүүгө ой агыздык. Акыйкатында эле Осмонбек Артыкбаевдин жердештерине арнаган ак иштери чексиз болуптур. Кайсыл учурда кыйынчылык жаралса кол сунууга даяр болгону, залкарлардын торколуу тойлорун өткөрүүгө ниетин бурганы, сыркоолоп калгандарга дары-дармекти бекер бердире салганы, өнөрлүү жаштарга демөөрчүлүк кылганы, акындардын китебин чыгарууга каражат аябагандыгы көз алдыбыздан чууруду. Жашоо-күрөш экени ырас. Кээде калпыстыктын курмандыгы болуп калгандар канча дейсиң? Бул күндөр да өтөт, алтын баш аман болсо жаманчылыкты да жеңээрсиң деген нотада сөзүбүздү бүтүрөлү…

Б. Бузурманова

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: