Menu

Бир эле сугунганда 20 миллион сомду жутуп койгон деп кылмыш иши козголгон Нурканбек Момуналиев суудан дагы кургак чыгабы?

Бөлүшүү:

Быйыл март айында премьер-министр Сапар Исаковдун аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев апасына каттатып койгон  «АйМар Энержи» ЖЧКсына Бишкек ТЭЦинин от казандарын оңдоду деп 20 млн сом котортуп алып жеп койгон, бирок от казандарды оңдогон эмес деген шек менен козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга сурак бере баштаган. Ошонун эле негизинде өкмөттүн аппаратынын жетекчи кызматынан отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Ал  «АйМар Энержи» ЖЧКсы мурун да тендерлерди мыйзамсыз утту деген чырлардын арасында жүргөн. Көрсө мамлекеттик жогорку кызматтагы чиновниктер ушундай жасалма фирмаларына бюджеттен бөлүнгөн миллиондогон сом акчаларды котортуп алып, кылбаган ишти кылды деп акты түзүп мойсошот экен. Муну алар өздөрүнчө “бизнес” деп аташканы таңгалычтуу. Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында ачылган бул коррупциялык схеманы чубаса ондогон чиновниктердин былыгы ачылат деп коомчулук күтүп калган. Бирок, акыркы маалыматтарга таянсак, шектүү Нурханбек Момуналиев бийликтегилер менен тил табышып, ага каршы козголгон ишти кыскартуунун үстүндө чуркап, “ийгиликке” жетишкен экен. Эмне, Нурханбек Момуналиев бул бийликтин тушунда да “суудан кургак чыгып” кетеби? Ошондо коррупцияга каршы күрөш жасалмабы?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: