Menu

Болот Шер менен Молдомуса Коңгайтиевдин ортосундагы акча жаңжалы $250 миң долларга көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Өткөн жумада биз 2010-жылы 7-апрелде Таласта сабалып, барымтага алынган генерал Молдомуса Коңгайтиевдин башын аман-эсен куткарып, Бишкекке жеткирип берүү үчүн ошол күндөрү Убактылуу өкмөт тарабынан жаңы эле дайындалган Ички иштер министри Болот Шерниязов(ысымын бир аз кийин өзгөрткөн) Коңгайтиевдин туугандарынан $150 миң доллар өндүрүп алганын жазган элек. Көп өтпөй эле ал окуянын күбөлөрүнөн бизге телефон чалуулар болуп, биз сумманы аз көрсөтүп жатканыбызга нааразычылыктарын билдирип башташты.

Ал эми бүгүн редакциябызга келген, азырынча атын ачык атагысы келбеген, ошол кездеги Убактылуу өкмөткө жакын адамдардын бири төмөнкүчө тактоо киргизди: “Чындыгында Болот Шерниязов Коңгайтиевдин туугандарынан $250 миң доллар, Акылбек Жапаровдун туугандарынан $200 миң доллар өндүрүп алган. Бирок, ал кездеги Убактылуу өкмөттүн арасында чынчыл адамдар да болгон. Алар бул окуянын чоо-жайын билип калгандан кийин чоң ызы-чуу чыгып, Болот Шерди уяткарышып, “бизди уят кылып жатасың, эгер тез арада тигилердин акчасын кайра кайтарып бербесең, маселеңди өкмөттө карайбыз, абийириңди төгөбүз” деп коркутушкан. Ошондо Болот Шер Молдомуса Коңгайтиевдин туугандарынан алган $250 миң доллардын $150 миң долларын кайтарып берген. Калган $100 миң долларын берген эмес. Силер ошол кайтарып берген $150 миң доллар тууралу эле жазсаңар керек. Ошондой эле Акылбек Жапаровдон алган $200 миң долларын да кайтарып бербей койгон”, – деп тактады ошол окуялардын бир күбөсү.

Окуянын башталышын бул жерден окусаңыздар болот:  https://kyrgyztoday.org/news_ky/moldomusa-kongajtiev-aktaldy-emi-bolot-sher-150-min-dollardy-kajtaraby/

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: