Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда.
Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.
Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.
Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ