Menu

Батыш өлкөлөрү журналист Мирсаидовго чыгарылган өкүмдү айыпташты

Бөлүшүү:

Европа өлкөлөрү менен АКШ белгилүү журналист Хайрулло Мирсаидовду 12 жылга эркинен ажыратуу боюнча Хужанд шаардык сотунун өкүмүн кескин айыпташты.

Улуу Британия, Франция, Германия жана АКШ өлкөлөрүнүн, ошондой эле Европа биримдигинин Тажикстандагы элчиликтери биргелешкен билдирүү жасашып, көз карандысыз журналист Хайрулло Мирсаидовго карата чыгарылган өкүм боюнча тынчсызданууларын билдиришкен.

«Биз муну өтө эле катаал жаза деп эсептейбиз. Анткени ага кыйла жеңил айыптар тагылган. Мындай өкүмдүн чыгарылышы өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейбиз жана Тажикстандын тиешелүү органдарын чечимди кайра карап чыгууга чакырабыз. Бул чечим мамлекеттик башкаруу тармагын жакшыртуу боюнча биздин биргелешкен аракеттерибизге доо кетирип, кызматташтыгыбызга кедергисин тийгизиши мүмкүн деп тынчсыздануудабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

11-июлда Хужанд шаардык соту журналист жана жергиликтүү КВН лигасынын директору Хайрулло Мирсаидовду 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Сот тарабынан ал «мамлекеттик каражатты кымырып алууга, максатсыз пайдаланууга жана жалаа жабууга» күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле журналист облус бюджетине келтирген делинген 124 миң сомонини (13,5 миң доллардан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Мирсаидов бюджеттик каражатты коротуудан тышкары жасалма документ даярдоо жана жалган чагым жасоо беренелери менен айыпталган. Соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу КВН командасы мыйзамсыз түзүлгөнүн, андыктан аны «Тажикстан курамасы» деп атоо болбой турганын билдирди.

Журналисттин адвокаттары өкүмдү «адилетсиз» деп аташты жана апелляциялык арыз берерин билдиришти. Мирсаидов акыркы сөзүндө КВН командасын Тажикстандын имиджин жакшыртуу максатында түзгөнүн жана өз максатына жеткенин айтты. «Мен өз эмгегим үчүн эч кимден кызмат дагы, акча дагы сураган эмесмин. Мен бийликтин клубдун ишмердүүлүгүнө карата жасаган мамилесин сындагандыгым үчүн камалдым», — деди ал.

Мирсаидов 2017-жылы декабрда президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна жергиликтүү чиновник Олим Зохидзоданын жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан кийин кармалган. Сотто ал аталган чиновник микрофон сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 9 миң сомонини (1000 долларга жакын) өзүнө алып алганын билдирди. Журналисттин айтымында, ал микрофондорду өз акчасына сатып алып, дүмүрчөктөрдү Олим Зохидзодага берген.

Өз кезегинде Зохидзода бул айыптоолорду чекте кагып, өзүнүн ар-намысын коргоо үчүн Согди облустук прокуратурасына арыз менен кайрылды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: