2018-жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында 2396 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынан 263 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 3461ге жеткен. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов маалымдаган. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыдан аз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ