Menu

Орусияда мигранттарга оорчулук түштү

Бөлүшүү:

Орусияда эмгек мигранттарын каттоо эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. 27-июнда президент Владимир Путин кол койгон документке ылайык, эми мигранттар иштеген жери боюнча каттоого тура албайт. Аларды каттоо жашаган жери боюнча гана жүргүзүлөт. Буга чейин жумуш берүүчүлөр мигранттарды иштеген жеринин юридикалык дареги менен каттоого укуктуу болчу. Көптөгөн эксперттер «жаңы эрежелер ишке ашпайт жана көптөгөн мигранттар Орусияда көмүскө жашоого өтөт» деген божомолдорун айтып жатышат. Ошол эле маалда бул мыйзам «полицияга мигранттарды коркутуу менен алардан акча алууга кошумча өбөлгө болот» деген пикирлер көп.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: