Menu

“Албек Ибраимов өлкөдөн качып кетти”. Бишкек шаардык кеңеши эртеңге кезексиз сессия чакырып жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-июлдун таңынан тартып коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон Бишкек шаарынын мэри, Алмаз Атамбаевдин оң колу “Албек Ибраимов өлкөдөн качып кеткени” айтылууда.

Бишке мэриясынын өкүлү Чынара Усупбаева менен байланышканыбызда ал Албек Ибраимов 10-июлдан тартып эмгек эргүүсүнө чыкканын билдирип, андан ары кеңири маалымат берген жок.

Ал аңгыча Бишкек шаардык кеңеши “күтүүсүз түзүлгөн абалга байланыштуу” эртеңге, 13-июлга кезексиз сессия чакырып жатканын кабарлады. “Түзүлгөн абалга байланыштуу кезексиз сессия деген – бул мэр Албек Ибраимовдун өлкөдөн качышына байланыштуу дегенди түшүндүрбөйбү?” деген сурообузга шаардык кеңештен “Кезексиз сессиянын күн тартибин эртең сессиянын алдында депутаттар өздөрү бекитишет. Ошондуктан өзүңүздөр келип күбө болуңуздар. Коррупция беренеси боюнча мэрия жетекчилерине кылмыш иши козголуп жатат. Биринчи вице-мэр менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы камакка алынды. Баары болушу мүмкүн…” деп кыйыта жооп беришти.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: