Menu

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жылуу мамилелер күч алып, байланыштар бекемделе баштады

Бөлүшүү:

Кийинки кездерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу жылуу маанайдагы мамилелер күч алып, эки элдин ортосундагы адабият тармагындагы байланыштар кайрадан бекемделе баштады. Аны Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Сатканбай Момуналиев минтип тастыктайт.

— Кыргыз жана өзбек элдеринин достук алакасы тууралуу сөз кылсак, анын таржымалы тээ алыскы мезгилге барып такалат. Орто кылымдан совет дооруна чейинки мезгилде эки элдин экономикалык жана маданий карым катнашы абдан күчөгөн. Бирок, ачыгын айтуу зарыл, 1993-жылдардан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле солгундап кеткен. Эки өлкөнүн башчыларынын саясий эрки менен экономикалык, соода жана маданий байланыш улам бекемделип жатат.

Ош шаарында жыл башында эки өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу уюштурулган. Андан кийин Өзбекстан адабиятынын Кыргызстанда болуп өткөн декадасынын алкагында коңшу өлкөнүн адабиятчыларынын жоон тобу Ошко келип кетти.

Жакында Ош шаарында жашап жаткан жазуучулар белгилүү балдар акыны жана котормочу Адашбай Турсунбаевдин шаардагы мектептин бирине ысмын ыйгаруу тууралуу демилгени көтөрүп чыкты. Бул иш-чарага мектептин жамааты, ата энелер, кварталдык комитеттин, КР Улуттук жазуучулар бөлүмүнүн жана шаар бийлигинин, өзбек диаспорасынын өкүлдөрү катышты

Эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо, маданий көпүрөлүк милдетти абийирдүүлүк менен аткарган эки тилде эркин жазган акындын ысмын берүү демилгеси шаар бийлиги тарабынан колдоого алынды.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ош шаары

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: