-УКМК мурдагы ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин кыскартып, коомчулукка резонанс жаратып койду. Бул боюнча сиздин пикириңиз?
– Бул иштин моралдык жана укуктук жагы бар. Мен укуктук жагына гана бир аз токтолоюн. 7-апрель боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, Молдомуса Конгантиевдин күнөөсү барбы же жокпу аныкталып, иш сотко жиберилиши керек. Анткени, башкы иш боюнча Бакиевдер сыртынан соттолгон боюнча жазасын алды. Анан ошол иштен Молдомусага байланыштуу факты боюнча бөлүнүп алынган иш жабылып калса, бул мыйзамга жатпайт. Анда тиякта соттолгон адамдар «жаңы жагдайлар чыкты, биздикин да кайра карагыла» деп маселе көтөрүшөт. Ошондуктан Молдомуса Конгантиев сот аркылуу гана күнөөлүү же күнөөсүз катары табылышы керек. Антпесе коомчулук аны менен макул болбойт. «Мунун артында саясат бар экен, артында Жээнбеков турат» деген түкшүмөлдөргө алып келет.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ