Menu

Атамбаев куралдуу төңкөрүшкө даярданса, Өмүркулов спикер, Абдраимов премьер, Сариев мэр болобу?

Бөлүшүү:

Жай саратанында саясый талаа тынчып, баардык күчтөр эс алууга тарап кетишчү. Учурда абал андай эмес, мээ кайнаткан күн ысыганына карабай, интернет айдыңында, соцтармактарда кандайдыр бир чыңалуу бар. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары, пиарщиктери экиге бөлүнүп алышып, компроматтарды бири-биринин шефтерине жаадырышып, «согушуп» атышкандары жашыруун эмес.

Ал ортодо УКМК Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин кыскартып жиберип, коомчулукка нааразычылык жаратып койду. Дал ушул көрүнүш бийликтин бетине чиркөө болуп, көпчүлүктүн көөдөнүнө суу сепкендей ичиркентти. Албетте, бийликтин мындай катачылыгын оппозиция жааты жөн калтырган жок, чоң чууну жаратышты. Себеби, негиздер бар. Бакиевдин кандуу режиминде ИИМди жетектеп турган Конгантиевдин зулумдугун элибиз унута элек экен (бул боюнча гезитибиздин 11-бетинен кенен окуйсуздар).

Ошентип, күздө эмне болушу мүмкүн? Эң негизгиси, Атамбаев-Жээнбековдун бири-бирине карай маалыматтык чабуулдары күчөйт. Электораттык жактан да айбат көрсөтүүлөр, атургай ар кандай нааразычылыктар, митингдер болушу мүмкүн. Ошол эле маалда бийликке жетпей калган элитадагы күчтөр чыңалса, аларга кошул-ташыл Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Канатбек Исаевдин, Бекболот Талгарбековдун, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун ж. б. саясый куугунтукка алынгандардын тарапташтары кошулса, анан калса, коррупцияга шектелип кылмыш иштери козголгон, камакка алынган чиновниктердин (буларда акча көп) тууган урук, дос-жарлары да эбептен-себеп табышып, Сооронбай Жээнбековго каршы чабуулга өтүшсө эмне болот? Кыргыз саясатында бийликти кулатууга бириккен күчтөр эч убакта дос болушкан эмес, алдыда душманың бирөө – президент болсо, калгандары саясый кызыкчылыктар аркылуу тил табышып кете беришет.

Эске сала кетсек, өткөн президенттик шайлоодо Чүй облусу Өмүрбек Бабановду колдоп коюшкан. Бул дагы жагымсыз коңгуроо. Ал эми бийликке сес көрсөтүү жагы Сары-Өзөндөн башталып келген эмеспи. Бийлик да бул жагын эске алып, күч органдарына ортозаар чүйлүктөрдү койгону менен көпчүлүк мындай жүрүшкө ынанган жок. Тажрыйбалуу Темир Сариев кодуланып атса, тыңчыкма Канатбек Исаев ак жеринен түрмөдө жатса, анан элдин жини келет да, туурабы? А баса, Туйгунаалы Абдраимовду Чүйгө губернатор коюшкандан бери элибиз алаксып калганын байкадык. Бирок, бул да жетишсиз…

Айткандай эле күздө жогорудагы саясый күчтөрдүн баары биригип, Сооронбай Жээнбековго каршы аттанышса эмне болот? Эң ириде Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук райондору козголчу эмес беле? Мындай шартта өз миссиясын кыйратып аткара албаган өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин командасы, «Куурчак» спикер Дасган Жумабековдун жетегиндеги парламенттин кейпин көрүп эле атпайбызбы? Буларга карапайым калкыбыз кыжырданып эле атышат, ыңгайын күткөндөй. Андыктан, эмне кылуу керек? Биринчиден, Туйгунаалы Абдраимовду өкмөт башына апкелүү менен министрлер, ведомстволор кабинеттерин жаңылоо зарыл. Таза, профессионал, эл үчүн иштеген кадрларды тартып. Андан соң көзгө толумсуз, жалтак спикерди жылдырып, ордуна Иса Өмүркуловду шайлоо мезгилдин талабына шайкеш келет. Бишкек мэрлигине болсо Темир Сариевди көтөрүшсө, куп келишмек. Ошондо стабилдүүлүккө жол ачылат. Эмне үчүн дейсизби? Атамбаевдин электоратын билесиңер, дал ушул үч азаматтын райондорунан агылып келет да. Алдын ала Абдраимов, Өмүркулов, Сариев береги биз идея кылган кызматтарды ээлеп отуруп калышса, Атамбаевдин амалы түгөнөт. Канча бакырса да аны ээрчип чыга турган элди басып коюуга негиз түзүлүп атпайбы. Куралдуу төңкөрүш кылууга шаасы жетпей калабы? Көрдүңөрбү, мамлекеттин туруктуулугун кантип кармоону ойлоп таптык. Кеп эмес бекен? Бекеринен Азимбек Бекназаров дагы бир төңкөрүш болорун жөн жерден айтып атабы? Бийликтин алсыздыгын байкап, кээкерлүү жылмайып турган кези да…

Ток этери, качан гана чатак, нааразычылык акциялар башталганда бийлик тыбырап калчу эле. Мурдагы практикалардан эчен ирет көрүп келдик го? Дал ошол эски бийликтин катачылыктарын эске алып, бүгүнкү күндө көрөгөчтүк кадамдар менен жети өлчөп, бир кесүүнү баштаганга азганакай гана убакыт бар. Эмитен ойлонбосок, эртең кеч болуп калбайбы?..

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: