Menu

Назарбаев Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзамга кол койду

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берген мыйзамга кол койду. Кеңештин макамы кеңеш берүүчү органдан конституциялык мекемеге айланды.

“Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңеши” жөнүндөгү мыйзам расмий басылмаларга 12-июлда жарыяланды. Назарбаев документке 5-июлда кол койгон жана жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди.

Мыйзамда Назарбаев Казакстандын биринчи президенти катары өмүр бою Коопсуздук кеңешинин төрагасы болору айтылган. Ага ылайык, өлкөнүн болочоктогу президенти Кеңештин “жөнөкөй мүчөсү” катары төргагага баш ийет.

Коопсуздук кеңеши мыйзам боюнча мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, байкоо жүргүзүү, мамлекеттик стратегиялык документтердин аткарылышына баа берүү укугун алды. Коопсуздук кеңешинин чечимдери бардык бийлик өкүлдөрү тарабынан аткарылышы керек. Коопсуздук кеңеши өкмөт жана мамлекеттик орган жетекчилеринин жылдык отчетун угат.

Казакстандын биричи президенти Нурсултан Назарбаев Казакстан Элдер Ассамблеясын өмүр бою башкарат. Ал чектөөсүз президенттикке талапкерлигин коюуга укуктуу.

Назарбаев 2010-жылы кабыл алынган “Улут лидери жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, өмүр бою кол тийбестик макамга ээ. Ага ылайык, президенттиктен кеткенден кийин дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: