Menu

Өзбекстанда «президенттик трассанын» боюндагы дачалар түрттүрүлдү

Бөлүшүү:

Ташкент облусунун Бостанлык районунда «президенттик трассаны» бойлой жайгашкан 28 дача эскертүүсүз түрттүрүлдү. Бул мезгилде курорттук кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган дачалардын бузулушунан улам жүздөгөн адамдар кирешесиз калды.

35 жаштагы Сарвар аттуу ташкенттик ишкердин айтымында, анын дачасы эч кандай расмий эскертүүсүз эле 10-июлда түрттүрүлгөн. «Алар мага акимдин эч кандай чечимин көрсөтүшкөн жок. Келип эле буза башташты. Болгону дачаң президенттик трассага өтө эле жакын жайгашкан деп айтышты. Имарат сегиз жыл мурда курулган. Бардык документтери жайында. Бул мыйзамсыздыкка даттанып көптөгөн жерлерге даттандым, бирок мени эч ким укпай койду», — деди ишкер.

Анын айтымында, дачалардын бузулушунан улам жүздөгөн адам ишсиз калды. «Мында дээрлик бардыгы тең дачаларын ижарага берип акча табышат. Менин дачамда 12 адамдан турган үч үй-бүлө иштеп жаткан. Азыр алар дагы кирешесиз калышты», — деди Сарвар.

Ал аймакта жалпысынан 28 дача түрттүрүлгөнүн айтты. «Алардын ээлери имараттар бузулганга чейин ичиндеги эмеректерин чыгарып кетүүгө дагы жетишпей калышты», — деп кошумчалады ал.

Дагы бир жергиликтүү ишкер 150 миң долларлык дачасынан айрылганын билдирди. «Курорттук сезон баштала электе дачамды 150 миң долларга сатпай койгом. Ал өтө жакшы курулган болчу. Бирок бузуп салышты. Андан тышкары 20 жылдан бери иштетип келген дүкөнүмдү дагы түрттүрүштү. Дача менен дүкөн боюнча менде бардык тиешелүү документтер бар», — деди ал.

Бостанлык райондук акимчилигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, аталган аймактагы бардык дачалар башкы планга мыйзамсыз киргизилген.

– Бизде бул дачаларды бузуу тууралуу район башчысынын чечими бар. Алардын көбү мыйзамсыз курулган. Документте бир гана вагон көрсөтүлгөн болсо, чынында ал жерлерге бүтүндөй хан сарайлар тургузулган. Быйыл майда прокуратура текшерүү жүргүзүп, январдан май айына чейин райондо 450 гектар жер мыйзамсыз бөлүнгөнүн аныктаган. Булардын бардыгы боюнча жазуу жүзүндөгү буйруктар чыгарылган. Бирок буга карабастан биз дача ээлерине компенсация төлөп берүүнү чечтик. Аларга президенттик трассадан алыс жайгашкан аймактан жер тилкелери бөлүнүп берилет», – деди акимчилик кызматкери.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: