Menu

Күч органдары ОПГга биригишип, Канат Исаевди камашканы ачыкталганы калдыбы?

Бөлүшүү:

Эски бийликтин «чалма ыргытканы» курусун! Алгач Канатбек Исаевди Токмокто мэр болуп турган кезиндеги ишмердигин коррупцияга байланыштырып, ак жеринен күйгүзүү менен саясый куугунтук жасашканы белгилүү болчу. Акырында ал иш кыскарып, шаардык соттон «сынганына» эл күбө.

Эми болсо «мамлекетти басып алууга даярдык көрүү» деген мааниде козголгон «кылмышы» жалаа катары далилденгени турат. Бул боюнча жабык өтүп аткан сотто күбөлөр Исаевдин күнөөсү жок экенин ырасташканы чынбы? Ошон үчүн иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү да?

Дал ушул карасанатайлык боюнча биз убагында жазганбыз, «ОПГ күч органдарына биригип алышып, чагымчылык уюштурушканы ырасталабы?» деген мааниде. Азыр дагы чет-бучкагын эскерте кетели. К.Кедейканович президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановго үгүтүн жүргүзүп жүргөндө, андагы бийликтин күч органдарындагы жетекчилеринин баштары катып, кантип торго чалынтуу боюнча акылдаша башташат. Эми бул жагын суроо катары жолдойлу, бүгүнкү тергөө органдары жоопторун издеп таап алышсын!

Агездеги Бишкек ШИИБ начальнигинин орун басары Мирлан Муктаров жең ичинен ОПГ мүчөлөрү менен план түзгөнү, дароо ИИМдин орун басарына айтканы, анысы Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаев аркылуу камакка алуу чагымын уюштурушканбы? Ыплас операция тастыкталса, мамлекеттин аброюн төгүшкөнү ачыкталабы?..

Негизи Канат Исаевдин кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок болчу, болгону жергиликтүү тың балдарды уюштуруп, шайлоо үгүтүн жасоо машакатында алпурушуп жүргөн. «Укмуштуунун төөсү жорго» дегендей, кокусунан ортого шектүү балдарды аралаштырып жиберишип, жашыруун түрдө видеого тартышып, каарманыбызга «подстава» жасашканы жалганбы? (Былтыр 30-сентябрда камакка алышкан). Ошондо күч органдарынын жетекчилери жасалма кылмыш ишине аралашкандарды коркутушуп, жалган көрсөтмө бердирүүнү көзөмөлдөп турушканы билине баштадыбы? Ооба, ал «генералдар» кызматтарынан кетишкенден кийин коркконунан жалган көрсөтмө берип атышкан балдар чындыкты айтышса, аныгында, Канат мырзага козголгон кылмыш иши жокко чыга турганына көзүбүз жеткени калдыбы?.. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деп бекер айтылбаса керек, Эгерде бүгүнкү бийлик бул боюнча адилеттүүлүктү тутунуп, мыйзамсыз буйруктарды бербесе, анда буйрутма негизде козголгон иш сотко жетпей эле жокко чыгып, сентябрда Исаевди парламенттин трибунасынан көрөбүзбү? Кудай буюрса, ошол күндөргө аз калды.

Жыйынтыгында, Мирлан Муктаровдун «куйругу толгонсо», кылган кылыктарын обонго сала ырдайт го? Андан ары жогорку шефтеринен сурак алууну башташса эле баары жипке тизген шурудай ачыкталат да, туурабы? Баарыбыз билебиз, Канат мырза элдин таламын талашып, атамбаевдик ыплас бийликтин кемчиликтерин айтып чыкканы үчүн куугунтукка алынган. Камалса да сынбай, өзүнүн ак экенин далилдеп бүткөнү калды. Натыйжада, Исаевди камашкан УКМКнын экс-башчылары Сегизбаев эртеби-кечпи мыйзам алдында жооп беришеби? Олуттуу суроо.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: