Menu

Кесиптешибиз Кулматов чынчыл жана таза, өз өлкөсүнө берилген адам! – Беларусь, Молдова жана Украинанын экс-бажы башчыларынын Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз, Беларусь Республикасынын, Молдова Республикасынын, Украина Республикасынын бажы кызматтарынын мурдагы жетекчилери сизге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сакталышынын гаранты, сиздердин өлкөдөгү жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушун камсыздоочу саясатчы катары кайрылып отурабыз.

Биздин кайрылуубуз кесиптешибиз, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кулматов Кубанычбек Кеңешовичтин тагдырына байланыштуу.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, К.Кулматовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген. «Биздин дегеле тергөөгө басым көрсөтөлү» деген оюбуз жок. «Кыргызстандын кызыкчылыктарын улуттук жана эл аралык деңгээлде татыктуу жана профессионалдуу коргоп келген, өз өлкөсүнө берилген, чынчыл жана таза адам кылмыш жасаганга бармак эмес» деген терең ишенимге негизделген биздин коллективдүү позициябызды эске алууңузду суранабыз.

Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, адилет, ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында бул ишти өз көзөмөлүңүзгө аларыңызга ишеним артып, өтүнүч менен кайрылып жатабыз.

Сизди урматтоо менен, мурдагы жетекчилер:

Беларусь Республикасынын бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-лейтенант А. Ф.Шпилевский, Молдова Республикасынын бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-майор В.М.Мельник, Украина Республикасынын бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-лейтенант А.В.Макаренко

Кыргыз Республикасынын парламентине!

Биз, Беларусь Республикасынын,; Молдова Республикасынын, Украина Республикасынын бажы кызматтарынын мурдагы жетекчидери өзүбүздүн кесиптешибиз, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кулматов Кубанычбек Кеңешовичтин тагдырына тынчсыздангандыгыбыздан улам сиздерге кайрылып отурабыз.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, К.Кулматовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген. «Биз адилет, ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алыңыз» деген өтүнүч менен Кыргызстандын президенти, урматтуу Сооронбай Шариповичке кайрылуу жибердик.

Сиздерге, парламент депутаттарына да Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыздоого, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого зор салым кошкон, өз кесиптештеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ К.Кулматовдун тагдырына кайдыгер карабоо өтүнүчү менен кайрылып отурабыз.

Кайрылууга кол койгондордун баары биздин кесиптешибиз жана досубуз күнөөсүз экендигине ишенебиз.

Сиздерди урматтоо менен, мурдагы жетекчилер: Беларусь Республикасынын бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-лейтенант А. Ф.Шпилевский, Молдова Республикасынын бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-майор В.М.Мельник, Украина Республикасынын бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-лейтенант А.В.Макаренко

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: