Menu

Айтибай Тагаев, экс-спикер: “Кашкар мырза менин кумирим”

Бөлүшүү:

Рубрика сынына бул сапар ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди чыгардык. Ооматы артып, экинчи ирет бул тармакты башкарып жаткан милициянын генерал-майору ИИМ системасындагы «дыңды бузуп», эл күткөн реформаларды жасай алабы? Калкка ырайымсыз мамиле кылып, укук тебелеген алкы бузук кызматкерлерди тазалоого алы жетеби? Эмесе, бүтүндөй өмүрүн бул тармакка арнаган генералдын өзүнө жана ишине карата коомчулук көзүндөгү эрендердин пикири кандай экенине кызыгып көрдүк.

– Жеке өзүм генерал Кашкар Жунушалиев менен анчалык тааныштыгым деле жок. Болгону эл арасында бул персона боюнча жакшы кептер жайылып жүргөнүнөн кабарым бар. Жунушалиевдин тээ ылдыйкы кызматтык тепкичтерди басканын эске албаганда дагы Бишкек ШИИББ жетекчиси, Баткен, Ысык-Көл облустук милицияны жетектегени, министрдин орун басары, эки ирет министр болгону артынан эч бир жаман кеп уккан жокмун. Көрсө, чыныгы ишин билген мындай инсанды эл жакшы баалайт тура. Биринчи жолу Кашкар Жунушалиевди ИИМге министр кылышып, 6 айдан соң иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей, ошол кездеги бийликтин интригандары кызматынан алып коюшкан. Анан 6 айда ал кайдагы реформаны жасап жетишмек эле? Азыр эми ооматы кайрадан арткан учур. Бул жолу анын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришсе. Кыскасы, Кашкар мырза менин кумирим, сүйүктүү кыргыз элимдин тиреги…

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: