Жогорку Кеӊештин депутаттары Аида Касымалиева, Улукбек Ормонов, Курманкул Зулушев, Сагындык Келдибаев, Надырбек Каримов Ош облусундагы Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, элет турмушундагы көйгөйлөр, аларды жоюу жолдору жаатында пикир алышты.
Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев аймактактагы аткарылган иштер жетишкендиктер менен кемчиликтер боюнча учкай маалымат берди. Анын айтымында, жалпы район боюнча алты ай ичинде жергиликтүү маанидеги жол салуу жана оӊдоо иштерине 39 млн сом жумшалган.
Жергиликтүү тургундар ооруканалардын тартыштыгы, андагы адистердин жетишсиздиги, медициналык жабдуулардын жоктугу айыл жергесиндеги эӊ орчундуу маселе болуп санала турганын айтышты. Муну аким дагы ырастады. Кереге кеӊеште билим берүү, таза суу, жөлөкпул тууралуу көйгөйлөр көтөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ