Menu

Трамп Путинди душманым эмес, атаандашым деп атады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти менен алдыдагы жолугушууга байланыштуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Ал менин досум эмес – мен аны жакшы билбейм, душманым дагы эмес – ал тек Орусиянын президенти”, деди.

Америка лидери Путин анын досуна айланышы мүмкүн экенин белгилеп, европалык сапарынын ичинде Орусия башчысы менен жолугушуу өтө жеңил болорунан үмүт артты. Трамп НАТО боюнча өнөктөштөрү эки лидердин алдыдагы жолугушуусун кубаттап жатканын кошумчалады.

Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары таануу жөнүндө суроого жооп берип жатып, ал жарым аралдын аннексиясы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда болгонун айтты. “Мен мындайга жол берет белем? Жок, жол бербейт болчумун. Эми Крымга эмне болорун айта албайм. Бирок менен Крымга байланыштуу абалга ыраазы эмесмин”, –деп белгиледи Трамп.

АКШ жана Орусия президенттери 16-июлда Хельсинкиде жолугушат. Владимир Путин менен Дональд Трамп эки тараптуу кызматташуу, куралданууну көзөмөлдөө, Сириядагы жаңжал жана Орусиядагы абалды талкуулайт деп күтүлүүдө.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: