Menu

Давай Мбаппе, давай!

Бөлүшүү:

Биздин саясий элитада камамай, караламай дегендин казаны кайнап жатса, жаңы башчыларыбыз негизинен ушундай нерсе менен гана алек болуп жатса, ал эми дүйнөлүк спорт элитасында башкача укмуш! Себеби, азыр футбол дүйнөсү дүңгүрөп жатат! Жер планетасындагы эң кыйын булгаары топтун чеберлери Россиянын талаасында тирешип жатат! «Безумный искусство –это футбол!» деп атат. Бул кереметтер жер шарындагы футбол элиталары үчүн эле эмес, ааламдагы ар бир футбол фанаттары үчүн да укмуш учур болуп жатат… Бах-х!!!

Мындан 20 жыл мурун, 1998-жылы ушундай эле жайдын саратанында, 12-июль күнү футбол боюн­ча 16-дүйнө чемпионатында Франциянын курама командасы дүйнөнүн 5 жолку чемпиону болгон Бразилиянын командасы менен финалга чыгып 3:0 эсебинде утуп алышкан.

Бүгүн болсо минтип Франциялыктар Россияда өтүп жаткан 21-дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Уругвайдын командасын 2:0 эсебинде утуп алышканын баарыбыз көрдүк. Канткен менен Уругвай деле жөнөкөй командалардан эмес бол­чу. Болгону 3 миллиондун тегерегинде калкы бар Уругвай мамлекети футбол боюнча эң көп титулга ээ болгон өлкө. Алар футбол боюнча 4 жолу дүй­нөнүн чемпиону болгон. 1930, 1950-жылдардагы дүйнө чемпионатында жана 1924, 1928-жылдары. Ошондой эле Америка континентинин чемпиона­тында 15 жолу жеңишке жетишкен. Континентал­дык бул рекордду Түштүк Америкада эч бир коман­да алигиче жаңырта элек.

Бардык улуттар сыяктуу эле кандайдыр жооптуу сапарга аттанаарда бир нерсеге тумар тутуп, төл­гө кылышкандай француз гезиттери да ушу тапта Франция курама командасынын чабуулчучусу Ки­лиан Мбаппени команданын тумары катары жазып жатышат. Алардын антип «төлгө чалып» жатканда­рынын бир себеби Франция футбол боюнча дүй­нөнүн чемпиону болгон 1998-жылы Мбаппе төрөл­гөн. Анан калса ошол 19 жаштагы Мбаппе Рос­сиядагы өтүп жаткан чемпионатта кандай сонун оюн көрсөтүп жатканына бүт дүйнө тамшанууда. Франциянын футболдук эксперттери да кара кал­тар, маңдайы жарык бул бала Франция экинчи ал­тын кубоктун ээси болуусуна бирден-бир негизки күч болот деген тилектерин жашыра албай турат.

Бул жигит жөнүндө айтсак анын атасы Вилфрид түпкүлүгү Камерундан, энеси Файза Францияга көчүп келген Алжир мигранттарынан болот. Ба­ласынын футболго шыгы бар экенин туйган ата­сы аны мотуракай кезинен тарта эле «Клерфон­тен» футболдук академиясына машыгууга берет. Ал үчүн жолдун алыстыгына карабай бир нече аралыкты басып өтүп, уулун жумасына 3-4 жолу тренировкага алып келип турган. Ошентип ата­нын эмгеги текке кетпей Мбаппе 13 жашка чык­канда таланттуу футбол чебери Зинадин Зидандын көзүнө чалдыгып, анын купулуна толуп Испания­нын королдук клубу аталган «Реал Мадрид» фут­болдук клубуна чакырылат. Бирок, каражаттын се­бебиненби Испанияга көчүп келүүдөн баш тартат. Анткен менен чыныгы талант деген талант белем, Мбаппе 15 жашка чыкканда «Монако» футболдук клубу менен чоң футболдогу биринчи профессио­налдык келишимин түзөт. Кийинки сезонунда «Мо­нако» өлкөнүн чемпиону болот. Андагы өткөрүлгөн 44 оюнда Мбаппе атаандаштарынын дарбазасына 26 топ киргизет.

2017-жылдын 31-августунда Мбаппе Франция­нын эң күчтүү жана эң мыкты клубу болгон «Пари Сен-Жермен» менен бир сезон (2017-2018) ойноо үчүн 180 миллион еврого келишим түзөт. Килиан Мбаппе «ПСЖга» өтүү менен клубдун негизги оюн­чуларынын бири болуп оң канаттагы чабуулчу по­зициясын ээлейт. Бир жылдык кыска аралыктын ичинде мыкты оюндарды көрсөтүүгө үлгүрөт. Бою 1, 78 метр. 10-номурда ойнойт.

Айтмакчы, Мбаппе 1/8дик оюнда Франция ме­нен Аргентинанын ортосундагы тиреште легендар­луу, «жер шарындагы эң мыкты футболчу» делген 5 жолу «Алтын топтун» ээси болгон Л. Мессини жер каратты го, чиркин!

Бельгия менен болгон жарым финалдык оюн­да К. Мбаппе атаандаштарынын дарбазасына топ киргизбесе да жашыл майданда улам ар кай жер­ден жылдыздай жанып турду. Айрыкча оюндун 55 минутасындагы анын артты карай согончо­гу менен берген пасы ошол оюндагы эң керемет көрүнүштөрдүн бири болду. Ал оюнда Франция Бельгияны 1:0 эсебинде утту.

Экинчи сеткада Хорватия футболдун жаралуу мекени болгон Англиянын командасын овертай­мда 2:1 эсебинде утуп алып финалга чыкты. Жек­шемби, 15-июлда финалдык беттеш, Дүйнө Кубо­гун эңип кетүүгө бир кадам калды. Давай Мбаппе, давай!

Кенжебек АРЫКБАЕВ

ПЕЛЕ Мбаппени куттуктап…

Футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, «Фут­болдун королу», «20-кылым­дын эң мыкты оюнчусу» де­ген улуу даражалардын ээси Пеле Килиан Мбаппенин Франциянын Аргентина ме­нен болгон 1/8 финалын­дагы мелдеште тамшан­дырган оюн көргөз­гөнү үчүн чын жүрөк­т ө н к у т т у к т а д ы . Ал куттуктоодо: «Куттук­тайм Килиан! Ушунчалык жаштыгыңа карабай сенин Аргентина менен болгон мелдеште жараткан эки голуң мени көп нерседен үмүттөндүрөт. Кийинки матчтарда да са­га ийгилик каалайм!» деп жа­зылат.

Булак: “Айгай”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: