Menu

Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүгө камданышууда

Бөлүшүү:

“Мэр Албек Ибраимов 10-июлда өзү отпускага кетип баратканына байланыштуу мени мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындап кеткен, мен 2-3 күндөн бери мэрдин милдетин аткарып жатам”, – деп билдирди вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев бүгүн, 13-июлда өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында.

Депутаттар шаардын мэри Албек Ибраимовго шаарда түзүлгөн абалга байланыштуу ишеним көрсөтпөө процедурасын өткөрүүнү сунуш кылышып, ал дээрлик бир добуштан кабыл алынды. Азыр добуш берүү процедуралары даярдалып жатат.

“Мэрдин жумушу жай мезгилинде күчөйт, көчөлөрдү асфальтташ керек, суу маселелерин чечиши зарыл, дагы толгон-токой проблемалар бар, анан ушул учурда мэрдин отпускага кетип калганы туурабы?”, – деп билдирди Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Кененбаев журналисттерге.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: