«Заманбап технологиялар менен өнүгөлү» деген жаштык деми бар Сапар Исаковду тигинтип «тыгып» салдык…
… Айлананы, кошуна-колоңду, мурдагы «15 бир тууганбыз» деген өлкөлөрдү карап, алардын не бир ажайып имарат-жайларды куруп жатканына чынында суктанасың. Сөзүбүз кургак болбош үчүн бир-эки салыштырма келтиреличи. Мисалы Россия деңиздин үстүнө жер жүзүндө жок көпүрө салып жатат. Дүйнөлүк футбол мелдешин өткөрөбүз деп канчалаган сонун стадиондорду куруп салды. Казактар ээн талаага килейген шаарды жаратып, анын 20 жылдыгын майрамдап жатат азыр. Ары жактагы Азербайжан болсо борбору Бакуну жөн эле керемет кылып салышты. Лукашенко Минск шаарын түп тамырынан бери жаңыртып атат. Бул жактагы Түркмения кыска аралыкта заманбап спорт жайларын куруп, өткөн жылы Азия оюндарын кандай гана жогорку деңгээлде өткөрдү. Өзбекстандын жетекчилиги бир айылды талкалап 45 күндүн ичинде кайра таанылгыстай кылып өзгөртүп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөр, бала бакча, бейтапканалар салынды. «Жаман айтпай жакшы жок» дейт, а биздин жаңы жетекчилер «мурункулар ичип кетиптир, жеп кетиптир» деген сөздөрдү «девиз» кылышып көпчүлүктүн көңүлүн ошондой нерсе менен гана алаксытуудан ары чыгалбай турат. Орус жазуучусу Эдуард Сервустун таамай айтканы бар: «Бийлик эч нерсе кыла албай калганда элди убадалар менен багат» деген. Бүгүнкүлөрүбүз так ошондой аракеттерден аша албай жаткандай. Барыдан да азыркы башчыларыбыз өздөрү араң жашап жаткан элге жардам бермек турсун атайы эсеп ачып кайра алардан жардам сурап атат. Кайырчыдай болушуп. Мындай «тилемчилик» жорук деги эле Кыргызстандын тарыхында болгон эмес! Оюбузду чойгулабай ачыгын айтсак президентибиз баш, премьер-министрибиз төш болуп жаңы жетекчилерибиздин сүйлөгөндөрү көп учурда кургак сөздөр менен гана коштолууда, «кылыш керек», «чечиш керек», «каралып жатат» сыяктуу аягы жок аракеттер.
Макул, башкасынын баарын кое туралы, кичинекей эле бир мисал. Аныбызды -туалет же ажаткана дейбизби, ушул нерсени мамлекеттик деңгээлдеги маселе катары карап жатат биздин бийлик. Эми ушул туалет маселесин атайы өкмөттүк жыйынга алып чыкпай эле, анысын эл-журтка жар салбай эле өздөрүнчө акырын чечип койсо болот эле го? Же анысы да ишке ашсачы. Туалет маселесин 2016-жылы май айында андагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да туристик сезонго карата өткөрүлгөн өкмөттүк жыйында өзү көтөрүп чыкканы эсибизде. Сөзүбүз кур болбос үчүн ошондогу өкмөт башчы С. Жээнбековдун айткандарын карасак анда моминтип айтылат: «Однако чиновники прилагают недостаточно усилий к развитию туристического потенциала республики, совершенствованию индустрии отдыха и сферы обслуживания. Элементарно вдоль трассы к побережью Иссык-Куля нет туалетов. Который год об этом говорим, но ситуация не меняется». Өкүнүчтүүсү, өкмөттүк жыйындагы көтөрүлгөн ошол маселе деле аткарылган эмес. Болгону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн аракети менен Ысык-Көлгө бараткан ажатканалар акиташ менен акталымыш этип, тегерек четин бир аз чампаламыш болгон. Аягы келип бир сезонго чыдабай ал ажатканалардын дээрлиги антисанитариялык абалга айланган.
Эми кечээ жакында азыркы өкмөт башчысы М. Абылгазиев да туалет маселесин көтөрүп чыкты. Килейген имарат курчудан бетер премьер-министр Бишкек-Чолпон Ата унаа жолуна 25 ажаткана куруу маселесин койду. Анысын өкмөт өз күчтөрү менен курууга шайман-шарты жокпу айтор жеке секторго жүктөп салды. Эми 25 ажаткананын аки-чүкүсү же долбоору дейбизби даярдалганча жайкы сезон да аяктайт. Аттиңдики десең, кур дегенде туалет кура албаган азыркы бийлик эмнени кыйратат, эмнени күтсөк болот алардан?
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ