Menu

Дарыгерлер жактоочуга Осмонбек Артыкбаев менен сүйлөшүүгө тыюу салышты

Бөлүшүү:

Айжан Орозакунова анын коргогон адамы жоопкерчиликтен качып, анткор ооруй турган адамдардан эмес деп баса белгиледи

Айрым маалымат каражаттары Артыкбаев бир дагы ооруканада жок, ал өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматтарды жазышууда. Орозакунова бул сөздөрдү четке какты. Анын айтымында, депутат Улуттук кардиология борборунда жатат.

«Бүгүн Артыкбаев жаткан палатага киргенге уруксат алдым. Азыр операция жасоого даярдыктар көрүлүүдө. Операциянын алдында организмди даярдоо керек. Анын ашказаны дагы ооруп жатыптыр. Дарыгерлер тынчын албагыла деп сүйлөшкөнгө уруксат бербей, учурашып эле чыктым. Артыкбаевдин абалы оор», – деп билдирди  жактоочу Vesti.kg сайтына

-Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев УКМКнын СИЗОсунан ооруканага которулганы чындыкка дал келбеген имиштер менен коштолду. Башкача айтканда, анын саламаттыгы кескин начарлап, ооруканага жаткырылганы түрдүү талкууга жем таштады. Замандаштарыбыздын бири ооруканага качып кетиш үчүн которулду десе, экинчиси эркиндикке чыгуунун жолу катары сыпаттап жатыщат. Бирок, ким эмне дебесин Осмонбек Артыкбаев кээ бир саясатчылардай болуп анткорлонуп, жасалма ооруп жаткан жок. Анын дарты чындап эле олуттуудай.

Ошондуктан УКМК дарыгерлердин айтканына ынанып, ооруканага которууга аргасыз болгон. Дасыккан дарыгерлер аритмия, астма деген диагноз коюп, анын кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан. Дарыгерлердин чечими менен Артыкбаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарылана баштады. Айрымдардын сынына кабылбайлы деп Артыкбаевдин саламаттыгы начарлаганын эске албай УКМКнын СИЗОсунда кармай берсе, дарты өрчүп кетип, Кудай сактасын каза болуп калса, укук коргоо органдарына да, коррупция менен күрөшүүнү камоо аркылуу ишке ашыра баштаган президентке да маселе жаралып, беттерине көө шыбалып, эл алдында аброю төмөндөп, анын коррупция менен күрөшү эч нерсеге арзыбай калмак.

Кыргызда жыгылган кишини теппейт деген жакшы накыл кеп бар. Камакка алынып ансыз да саламаттыгы начарлап жанынын айласын таппай чебелектеп кыйналып жаткан адам тууралуу жаман айтпай сакайып кетсин деп тилек кылып туралы. Анткени, сакайып кетсе мыйзам алдында жооп берип, күнөөлүү же күнөөсүз экенин сотто аныкталат. Өзү да качып кеткенге эмес, мыйзам алдында жооп берип, сотто ак экенин далилдөө кызыкдар болсо керек. Ошондуктан ага чейин ар кайсыны айтып божурабай, чындыкка дал келбеген имиштерди чыгарып, элдин тынчтыгын бузбай сабыр кылып турсак кантет. Кыргызда табаа эмес, тобоо кыл деген сөз бар. Ооруп жаткан адамды, башына кыйын иш түшкөн кишини табалабайт. Жакшы сөз айткысы келбесе, унчукпай коёт. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып жаткандар анын үй-бүлөсүнө, жакындарынын психологиялык кысымга алуу аракетин токтотушса жакшы болот эле. Анткени, бүгүн маанайы беш болгондордун башына эртең Артыкбаевдин күнү түшүп калбайт деген кепилдик жок да.
Булак: Vesti.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: