Menu

Пирматов качан камалат?

Бөлүшүү:
Коомдо илгери эле коррупция менен кылмыш иши козголгон «Бир бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов эмнеге камалбай жатат деген пикирлер арбын айтылып келет. Чындыгында Пирматов «Кыргызнефтегаз» ишканасын жетектеп турганда мамлекетти 258 миллион сомго сызга отургузганы үчүн айыпталган. Бирок жоопкерчилик тартпай суудан кургак чыгып жүрөт. Мына Исхак мырзанын «коррупциялык күмөндүү» иштерин жик билгизбей бүтүрөт делип айтылып жүргөн Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “коррупция” боюнча кылмыш иши козголуп эки айга камалды. Учурда тергөө уланууда. Эми Макеновду жакшылап толгосо көптөгөн сырдын бетин ачат. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов табакташ болуп түрмөдө орун алып калаары ажеп эмес. Эгер коррупцияга каршы күрөш тандалма эмес, текши жүрүп жатканы чын болсо…
Булак: “Ачык саясат” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: