Акчанын күчү менен базардан түэ эле Ош облусунун башчысы болуп келген Таалайбек Сарыбашев көзгө көрүнөөрлүк иш жасай алган жок.
Элге күндөн калкаланып жардамчысына зонтик көтөртүп койгону менен гана таанылды. Эми болсо Ош шаарынын эки тизгин бир чылбырын алганы турат. Кайсы ырыстуу эмгеги үчүн? Жогорку билимдүү экенин аныктаган диплому кайда калганын билбеген жоругу үчүнбү? Эт эмес же чел эместигин эчак эле даңазалаган Сарыбашев шаарды кантип башкарат? Ушундай мажүрө кадрлар менен аймактарды кантип өнүктүрмөк элек… Кадыр саясаты такыр кедиренин кетти. Жакында оңолбой калдык окшойт…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ