Menu

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: “Тергөө менен кызматташам деп парламентте ачык жарыялаган Осмонбек Артыкбаевди камакка алуунун такыр кажети жок болучу”

Бөлүшүү:

-Акыркы учурда биздин өлкөдө чоң кызматта жүргөндөр камакка алына баштады. Муну бирөөлөр коррупцияга каршы күрөш деп бааласа, бирөөлөр муну саясый куугунтук деп баалап жатышат. Айтынызчы, сиз кандай деп баалап жатасыз?

-Саясый куугунтук деп эгер бийлик өзүнүн оппонентерин каралап же камакка алып жатса айтса болот эле. Бүгүн С. Жээнбеков биздин коомду өзүнүн оппонентеринен эмес, өзүнүн партиялаштарынан тазалоого киришти. Ошондуктан бу саясый куугунтук эмес.

-Ушундай зарылчылык өлкөдө бар беле?

-Ооба. СДПК партиясы бийликте турганда, колу, дили таза эмес инсандар, ар кандай жолдор менен СДПК партиясына мүчө боло калып, анан өлкөнунун онугуусуно келген акчаларды тытып жэп, элди карызга белчесинен батырышты. Муну С. Жээнбеков элден жашырса, ал олконун эмне себептен бугун да онукпой жатканын элге тушундуро алмак эмес. Ошондуктан озун бийликке алып чыккан, бирок жасаган былыктары элге дайын болуп калган оз партиялаштарына ал кылмыш иштерин козгоого мумкунчулук ачты.

-Ошо камака алынгандардын баары эле күнөөлүбү, же алардын кээ бирөөлөрү кыргыздар айткандай «жамандын кесепети» тийип эле камалып отурушабы?

-Ким күнөөлү, же күнөөлү эмес экенин сот гана чечиш керек. Ошондуктан соттун өкүмү чыкмайынча күнөөсү тескелип жаткан инсандын баарына биздин өлкөдө мыйзам жол берген чекте алардын укуктарын бийлик да, коом да  коргоого милдетүү. Муну айтып жатканымдын себеби, тергөө менен кызматашам деп өзү парламентте ачык жарыялаган Осмонбек Артыкбаевти, менин пикирим боюнча,  камака алуунун такыр кажети жок болчу. Ал бөлөктөрдөй болуп акча уурдаган да эмес, акча уурдаганга муктаж да инсан эмес. Анын убадасына тергөө ишенсе болмок. Эми деле кеч эмес. Себеби бүгүн анын ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ал ооруканага которулду.  Дарылоосу аяктагандай кийин аны бийлик кайра камака салбай, үй камагына чыгарып, анан  деле өзүнүн сурагын жүргүзө берсе, өлкөдө эч кандай мыйзам бузулбайт.

Муну сиз Осмонбек Артыкбаевдин жердеши катары айтып жатасызбы?

-Жок жердеши катары эмес, ал Кыргызстанда өсүп келе жаткан жаш жигиттердин бири катары айтып жатам. Ага сиз айткандай «жамандардын кесепети» тийип, жаш кезинде аксап калбасын деп айтып жатам. Совет доору бүткөндөн кийин кыргыз өлкөсүндө кадр даярдоо саясаты жоголгонунан, биздин өлкөдө көзгө илинер жаш жигиттер баралына толбой туруп аксап калганынан айтып жатам. Биз бүгүнкүгө карап эле, эртеңибизге түкүрбөүбүз керек да.

Бактыбек Эргешов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: