Кечээ “ТНК Дастан” ишканасынын башчысы Юрий Васильев камакка алынгандыгын кабарлашты. Буга улай эле Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун камакка алынышы да күтүлүүдө. Бирок учурда Бишкек мэри Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыгып кеткендиги боюнча басма-сөз кызматы билдирди. Бирок анын кайда эс алып жатканы боюнча маалымат жок болууда. Ал ортодо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулуу алдында турушат. Айрым маалыматтар боюнча Албек Ибраимов Швейцарияны көздөй зуу койгону айтылууда. Так маалыматгы тиешелүү органдар бериши керек эми.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ