Menu

Бишкек шаардык кеңешинин 40 депутаты бир добуштан мэр Албек Ибраимовдун кызматтан кетиши үчүн добуш беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-июлда өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясына катышып жаткан 40 депутат Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө, тагыраак айтканда ээлеген кызмат ордунан отставкага кетүүсү үчүн бир добуштан толугу менен добуш беришти.

Шаардык депутаттар мэр Албек Ибраимовго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгонуна, анын 1-орун басары Ренат Макенов камакка алынганына жана жайкы сезон учурунда иштерди таштап, мэр Албек Ибраимов отпускага кетип калганына нараазычылыктарын айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: