Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин бир ай эмгек өргүүсүнө чыкты. Бирок эс алууну кайсы жакта өткөрүп жатканы тууралуу маалымат жеке жашоосуна байланыштуу болгондуктан берилбей турганы айтылды. Ушу тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө “Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кетти” деген маалымат тарап жатат. “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясы (“Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ