Menu

Башкы прокуратура: Мирсаидовдун иши журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес

Бөлүшүү:

Тажикстан Шайырлар жана тапкычтар тобунун жетекчиси Хайрулло Мирсаидовдин кылмыш иши анын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланышта эмес, деп билдирди Тажикстан Башкы прокуратурасы. 11-июлда Худжанд шаарында сот Мирсаидовду 12 жылга эркинен ажыраткан.

«Мирсаидов КВН командасын жетектеп турганда жасалма документтер аркылуу мамлекеттин каражатын уурдап, керт башынын кызыкчылыгы үчүн оор кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандыктан, Худжанд шаардык соту тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган», деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Көзөмөл орган соттук териштирүү учурунда Хайрулло Мирсаидовдун күнөөсү толугу менен далилденди деп эсептейт. Башкы прокуратура ММКларды өкүмдү сындоодо этият болууга чакырып, бул сот акыйкаттыгын орнотууга тоскоолдук кылуу жана журналисттик этиканы бузуу катары каралышы мүмкүн экенин эскертти.

ЕККУ баштаган эл аралык уюмдар тажик бийлигин Хайрулло Мирсаидовду токтоосуз бошотууга үндөшүүдө.

11-июлда Хужанд шаардык соту журналист жана жергиликтүү КВН лигасынын директору Хайрулло Мирсаидовду 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Сот тарабынан ал «мамлекеттик каражатты кымырып алууга, максатсыз пайдаланууга жана жалаа жабууга» күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле журналист облус бюджетине келтирген делинген 124 миң сомонини (13,5 миң доллардан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Мирсаидов 2017-жылы декабрда президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна жергиликтүү чиновник Олим Зохидзоданын жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан кийин кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: