Menu

Жемкорлордон 135 млн. сомдон ашык акча түштү

Бөлүшүү:

Президент С. Жээнбековдун сунушу менен кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик казынага кол салгандарга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын эсеп ачылган болчу. Ушул жумада Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн ачылган атайын эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 95,9 млн сом салды. Мындан тышкары Башкы прокуратура да 39 млн сом которгондугун билдирди. Ошентип атайын жемкорлордон 134 млн сом кайтарылып алынды.  Бирок УКМК  кайтарылган каражаттар кайсы фактылар боюнча жана кимдерден өндүрүлгөнүн ачыкка чыгарган жок. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек экендигин эске алганда, жакын арада миллиондор миллиард саны менен алмашып калышы да мүмкүн. Анткени бизде мурдагы жылдарды айтпаганда эле, акыркы алты жыл А. Атамбаев башкарган мезгилде чиновник, министрлер эл менен мамлекеттин чөнтөгүнө беш колун гана эмес, буту менен башын да салып, эбегейсиз эле көп акчаны жешкен эмеспи.

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: