Menu

Бекешев Ормуковду каматып, Ормуков Эсенкановду каматабы?

Бөлүшүү:

Көзү азиз акын Темирлан Ормуковду көзү азиз депутат Дастан Бекешев каматкан. Экөөнүн чыры эмнеден чыкканын эч ким деле билбейт. Билгендер дагы унутуп калды. Иши кылса экөө чырлашып, депутат мырза күчкө салып, сокурлугуна карабай түрмөгө тыгып койгон. Ал үчүн Бекешев башка депутаттардан далай сөз угуп, бирок баары бир көк беттенип арызын чакыртып алгандан баш тарткан. Таш боор судья Авчи Алиев сокурду кишендеп алып келтирип, СИЗОго каматканы элдин баардыгын таң калдырткан. Анткени Ормуковдун жалгыз күнөөсү далилденген күндө дагы, ал эч качан түрмөгө камалмак эмес. Май майрамдарынан кийин бошотулган Ормуков ошондо эле элдин баардыгына “мени мыйзамга каршы 12 күн ашыкча кармашты, 12 күн мамлекеттин тамагын бекер жедим” деп айткан. Көрсө соттун чечими боюнча май майрамдарына чейин эле бошотулушу керек экен. Ошол -ошол болгон, ал кезде премьерлер бирден камалып атканына байланыштуу, ошол эле замат унутулуп калган. Эми бумеранг деп ушуну айт, башкы прокурор Жогорку Соттун үч судьясына каршы кылмыш ишин ачып, Ормуковдун арызы жок эле, анын укуктарын коргоп, чабуулга өттү. Жогорку Соттун үч судьясына буга чейин кылмыш иш өмүрүндө козголбоптур. Болгондо дагы арасында аксакал Качыке Эсенканов сыяктуу судья бар. Ормуков бул иш козголушуна өзү каршы болгонун ошол күнү эле жашырган жок. Эксперттердин дагы баамдоосунда башкы прокуратура бул жерде Ормуковдун ишин пайдаланып, Жогорку Соттун судьяларына каршы өзүнчө кампания жүргүзүп атат деп айтышууда.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: