Menu

Темир Сариев “Бишкектин мэри кылып дайындабасаңар, Чүйдү көтөрөм” деп жаңы бийликти коркутуп жүрөт

Бөлүшүү:

Өкмөт ушул жумада токтом кабыл алып, 2008-жылдан кийин чыккан машинелерге кайрадан бажы салымдарынын өлчөмдөрүн кескин азайтты. Ага элдин көпчүлүгү ыраазы болду. Машинелер эскирип, көбүнчөсү Россия менен Казакстандын талкаланган автоунаалары эки жылдан бери кирип аткан. Баягыдай Германия, Литва, Япония менен АКШны унутуп да калганбыз. Бирок социалдык тармактарда кескин сын Темир Сариевге каршы айтыла башталды. Көрсө, Темикең Экономика министри катары эч кандай ич жылытаарлык иш аткарбагандыгы аз келгенсип, премьер-министр катары ЕАЭСке кирүү боюнча өтө чийки жана кыргыздын улуттук кызыкчылыгына каршы келген “жол картасын” жактап, кол коюп бериптир. Ушул бажы салымдарын 2020-жылга чейин деле калтырып койгондо, бюджетке жылына жүз миллиондогон доллар салык төлөнүп, кыргыздын жүз миң үй-бүлөсү сызга отуруп калмак эмес убагында. Ошол 2016-жылдын башында миңдеген авто ташуучулар дагы банкрот болмок эмес. Ошол күндөрү Атамбаев менен Москвага жагынам деп Сариев элди тебелеп, ташбоордук кылганын кантип унутабыз? Эми «Бишкектин мэри болом, мени дайындабасаңар, Чүйдү көтөрөм” деп коркутуп жүрөт дешет жаңы бийликти… айла жок тура.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: