Menu

Канат Исаевди бошотуу менен Жээнбеков утушка ээ болобу?

Бөлүшүү:

АША өзүнө таандык маалымат каражаттары аркылуу трайбализмдин туусун көтөрүп, өлкөнү дестабилдештирүүгө барууга даярдыгын көрсөтүп жатат. Ал регионалист лидерлерди топтоп, бийликти кайра алууга жандалбастап жатканы да маалым. КСДПыны бекем кармап, парламенттик шайлоону да көздөп турат. Мындай кырдаалда Жээнбековдор Атамбаевди алсыздандыруу үчүн Чүйдүн таасирдүү фигураларынын бири, Атамбаевдин эң жакындарынын бири болгон Туйгуналы Абдраимовду өзүнө тартып, Чүй облусуна губернаторлукка дайындады. Бирок Чүйдү көзөмөлдөөгө бул аздык кылат. Ошондуктан “страховка” иретинде Чүйдө эң келечектүү саналган Канат Исаевди бошотууга жол чабыла баштаганы байкалат. Маселен, Канат Исаевдин Токмоктун мэри кезиндеги кылмыш иш дээрлик токтотулду. Мамлекеттик төңкөрүш боюнча иши кайра карала баштады… Исаевди боштондукка чыгаруу Атамбаевдин максаттарына урулган сокку болуп калат. Анткени Атамбаев учурунда көп запкы, куугунтук көргөн Канат Исаев эч качан Атамбаевдин “долбоорлорун” колдобойт. Тескерисинче ага каршы иштейт. Ошондуктан анын абактан чыгышы Жээнбековдор үчүн пайдалуу…

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: