Menu

Адиль Турдугулов, активист: “Жээнбековдун КСДП партиясын басып алууга муктаждыгы деле жок”

Бөлүшүү:

— Адиль, сен экс-президент Атамбаевдин жанында жүрүп калбадыңбы. Азыр партиялаштары “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен Атамбаевди КСДПдан чыгаруу аракетин күчөтүп жатат. Алар КСДПнын лидери болгон Атамбаевди партиядан чыгара алышабы?

— КСДП Кыргыз жаңы тарыхындагы эң тажрыйбалуу партиялардын бири. Башында 1993- жылы бийликтин долбоору болуп, анан кайрадан оппозицияга ооп, башынан көп нерсени өткөрдү. Ошол кыйчалыш жолдо партияны алдыга жылдырган адам сөзсүз түрдө партиянын анабашы Атамбаев болгон. КСДП элдин тиреги боло албаса дагы, Атамбаев үчүн дайыма ишенген тиреги болуп келген. Азыркы учурда дагы Атамбаев лидерликти колунан чыгарбайт. Анткени ал саясий күрөштү токтотпойт.

— Жээнбеков КСДПга толук бойдон үстөмдүгүн орното алабы?

— Жээнбековдун саясатын азыркы учурда КСДП менен кошо башка фракциялардын да өкүлдөрү колдоп жатышат. Парламенттен тышкары деле күчтөр ошол ойдо. Анткени, элдин Жээнбековго карата үмүтү чоң. Ошондуктан, Жээнбековдун КСДП партиясын басып алууга муктаждыгы деле жок. Балким, ал шайлоо алдында өзүнүн жаңы партиясын түзүп, КСДПны саясый талаадан четтеткенге аракети болушу мүмкүн.

— Бүгүнкү бийликке оппозиция деп Атамбаевди жана анын тегерегинде жүргөн адамдарды гана айтып жатышат. Башка оппозициялык күчтөр бул бийликке атаандаш болуп чыга алышпайбы?

— Бул нерсе толук бойдон Жээнбековдун саясатына байланыштуу. Эгерде ал мурунку президенттин каталарын кайталабай, ууруларды камоо менен гана чектелбей, тамыры кененге кеткен коррупциялык схемаларды бузууга жете алса, өзүнүн тегерегиндегилерге гана эмес, кадр дайындоодо кесипкөйлүккө басым жасап, тышкы саясатта тең салмактуулукту сактай алса, анда эч бир каршылык, реваншисттик, оппозициялык күчтөр ага коркунуч туудура албайт.

— Кадр саясатына ар түрдүү сындар айтылууда. Азыркы бийлик да кадр тандоодо катачылыктарды кетирип жатабы?

— Конституция өзгөргөндөн кийин Президенттин кадр саясатына кийлигишүүсү чектелген, көбүнчө бул укуктар премьер-министрге ыйгарылган. Бирок, Абылгазиевдин кадр дайындоосу канааттандырарлык эмес. Эски, элдин ишениминен чыккан адамдарды орчундуу орундарга дайындап жатканы чоң катачылык. Ошол эле учурда Жээнбековдун күч органдарга таасири чоң. Президент алардын маңызын өзгөртүүгө жетишиши керек. УКМК, Башкы прокуратура биринчи кезекте президенттин карамагында болбой, анын гана камчысын чаппай, мыйзамга жана элдин мүдөөсүнө таянып иш алып баруусу зарыл. Ошондо гана президенттин башкы багыты — ​коррупияга каршы күрөш максатына жетет!

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: