Menu

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Көптөгөн балдар бакчаларын депутаттар, министрлер басып алышып мейманканаларга, сауналарга айлантып жиберишкен»

Бөлүшүү:

Газетабыз катары менен 3 санында профессор Каныбек Осмоналиевден алган өлкөбүздүн мектептериндеги, жогорку окуу жайларындагы жана илим чөйрөсүндөгү жагдай тууралуу берген интервьюсун жарыялап келген эле. Ушул санда кабарчыбыздын өлкөбүздүн балдар бакчаларына байланышкан проблемалар, аларды азайтуунун жолдору тууралуу профессор менен болгон маегин жарыяламакчыбыз.

— Урматтуу профессор, сиздин оюңузча бүгүнкү күндөгү өлкөбүздөгү балдар бакчаларына байланышкан акыбал кандай?

— Балдар бакчаларына байланышкан акыбал бизде өтө начар. Билим берүү жана илим министрлигинин башка тармактарындагы акыбал кандай болсо, бакчаларга байланышкан акыбал да ошондой. Теңирден тескери. Союз ыдырагандан бери бул тармак колхоз-совхоздордун короо-сарайлары сыяктуу эле талкаланды жана таланды. Сатылды жана бузулуп, курулуш материалдары сыяктуу башка жактарга иштетилди.

— Маалыматтарды мисал келтире кетсеңиз…

— Мисалы 90-жылдардын башында Кыргызстанда муниципалдык, ишкана-мекемелерге тиешелүү болуп, баары 1300 балдар бакчасы бар эле. Бүгүнкү күндө алардын 464ү иштеп жатат.

— Калгандарычы?

— Балдар бакчаларынын 152 имаратын коррупция жолу менен текейден арзанга бизнес-катмарлар сатып алышкан. 124 бакча окуу жайларынын имараттарына айландырылган. 50 имарат күч катмарларына, сотторго берилген. 42 имарат саламаттыкты сактоо тармагына өткөрүлүп берилген. 26 балдар бакчасы алгач ижарага берилип, аягында биротоло байлардын кампаларына айландырылган. 16сы бейөкмөт уюмдардын карамагына өткөрүлгөн…

— Бул маалыматтардын баары кайдан алынган?

— Мен билим берүү жана илим министри, депутат кезимде бул тармакка кызыгып, маалымат топтогом. Бул тармактагы талкалап-тоноо саясаты тээ Аскар Акаевдин доорунда башталган жана ишке ашырылган. Көптөгөн балдар бакчаларын депутаттар, министрлер басып алышкан жана кампаларга, соода мекемелерине, мейманканаларга, сауналарга (сойкуканаларга — ​ред.), протестанттык багыттагы диний мекемелерге айланып кеткендигине жаның ачыйт.

— Жогоруда сиз айткан 464 бакчага бул багыттагы менчик мекемелер да киреби?

— Жок, кирбейт. Алардын санын министрлик өзү да билбесе керек. Жогор жактагылар, негизинен, балдар мекемелери жөнүндө шайлоо келгенде гана катуураак ойлошот.

— Эмне үчүн билбейт деп ойлойсуз?

— Мен муну министрликтеги жалпы башаламандыктан улам айтып жатам…

— Аман калган 464 бакчалардын бүгүнкү акыбалы кандай?

— Кыргызстандагы жалпы акыбал кандай болсо ошондой. 90-жылдардын башында Батыштын “Песак” сыяктуу талкалагыч программасынын натыйжасында ишкана-мекемелер токтоп, алар өз бакчаларын каржылай албай калганда, бул обьектилердин 32си түрдүү жолдор менен жок кылынды. Коррупция бул тармакта да тамырлап кеткен. Азыр парасыз балдарды бакчага жайгаштыруу дээрлик мүмкүн эмес. Албетте, акимдин же прокурордун баласы акысыз орношу мүмкүн.

Бир керебетте 3төн бала уктаган жерлер да бар. Санитардык-гигиеналык нормалар тууралуу айтпай эле коёлу. Мындай акыбалды бардык айыл райондорунан жолуктурууга болот. Айрыкча, Ош облусунан, анын ичинде Кара-Суу районунан…

— Сиз депутат катары маселе көтөрүп чыкпайт белеңиз?

— Ал кезде мен депутат да, министр да эмес элем. Бирок, ошол кезде окуу-тарбиялык ишканалардын имараттарын башка тармактарга берүүгө же сатууга тыюу салган Кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому бар эле. Кыргыз өкмөтүнүн Приватташтыруу программасынын талабына ылайык мектепке чейинки мекемелерди менчиктештирүүгө тыюу салынган. Ага карабастан, ошол программаны иштеп чыккандар өздөрү көптөгөн балдар бакчаларын басып алышкандыгы таңкаларлык!

— Прокуратура органдары мындай мыйзамсыз көрүнүшкө чара көрүштүбү?

— Чара көрүмүш болушту десек болот. 1995–1912-жылдар аралыгында прокуратура органдары балдар бакчаларын мыйзамсыз менчиктештирүүнүн 40тан ашуун учурун ашкерелешип, кылмыш ишин козгошкон. Алардын 29ун Башкы прокуратура өзү ашкерелегендигин айта кетүү керек. Бул багытта Бишкекте — ​3, Чүйдө — ​8, Ысык-Көлдө — ​13, Жалал-Абадда — ​7, Ошто — ​6, ал эми Баткенде 1 кылмыш иши козголгон. Бул аракеттердин натыйжасында мыйзамсыз менчикке берилип кеткен 836 бакчанын 21и гана ордуна кайтарылган.

— Учурда иштеп жаткан 464 балдар бакчасынын акыбалы, алардын иштеринин сапаты тууралуу эмне айта аласыз?

— Жаш балдардын мекенчилдик сезимин калыптандыруу, аларды эс тутумдары тунук кезде илим-билимге үйрөтүү дал мына ушул бакчадан башталаарын эске ала турган болсок, бул мекемелерге өзгөчө маанилүү милдет жүктөлгөндүгү түшүнүктүү. Ага карабастан, биздин бакчалардагы окутуу-тарбиялоо иштеринде бирдиктүү программанын негизинде иш алып баруу, мамлекеттик тилди үйрөтүү сыяктуу талаптарга жетишээрлик көңүл бурулбайт.

Бишкекте 90 балдар бакчасы болсо, анын 10унда гана окутуу-тарбиялоо иштери кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Эне тилибизди жээрүүнү бакчадан баштасак, мамлекеттик тил эртең эле жок болуп кетпейби…

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган бардык билим берүү мекемелеринде жыл сайын кыргыз тилиндеги класс, тайпаларды ачуу камсыз кылынсын” деген токтомду жаман көрүнүп, чырылдап жатып кабыл алдырганбыз. Бирок, министрлик бул токтомду колдоп кете алган жок.

…Балдар мекемелеринде иштеген кызматкерлерибиз да өкмөт тарабынан айлыктарын жогорулатууга, бир сөз менен айтканда социалдык колдоого өтө муктаж.

Жогоруда айтылгандардан башка дагы бир нерсе — ​учурда биздин өлкөдө 1,5 миң балдар бакчасы жетишпейт. Өткөн жылы Билим берүү жана Илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк банктын долборунун алкагында 100 заманбап балдар бакчасын курабыз деп, жарыя салып күпүлдөдү эле. Иш жүзүндө эчтекеден дайын жок.

— Бул кырдаалды жеңилдетүү үчүн кандай сунуштарды айтаар элеңиз?

— Уккан киши болсо — ​адис катары айтар сунуш көп. Эң негизгиси, мисалы, 7-кабаттагы жооптуу кызматкерлер тез арада “Мыйзамсыз менчиктештирилген балдар мекемелерин ордуна кайтаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Указын даярдап, укук коргоо органдарын бул документтин талаптарын кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырууга милдеттендирүү керек. Ошондо биз Дүйнөлүк банктын алдында карызга батып отурбайбыз. Бизге буга чейинки 3 премьер-министрибиз баш болуп, жооптуу лөктөр төш болуп, сырттан алынган кредиттерди уурдап жеп, элибизди карызга батырганыбыз деле жетишет деп ойлоймун.

Аңгемелешкен Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: