Menu

Бүгүн Алмаз Атамбаев үн катып, Албек Ибраимовду, Кубанычбек Кулматовду жана Сапар Исаковду коргоп чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-июлда КСДПнын басма сөз кызматы партиянын лидери Алмаз Атамбаевдин кызматынан алынган Албек Ибраимов жана абактагы Кубаныч Кулматов менен Сапар Исаковду коргоп чыккан билдирүүсүн таратты: 

«Албек Ибраимовду өтө ыпластык менен кодулоонун жана саясий жүйөлөрдүн жыйынтыгы күн мурун эле белгилүү болуп турат. Шаар кеңешинде болуп өткөн отурумга келбей калуусунун себебин мэрдин өзүнөн суроо керек. Балким, ага кабар жетпей калгандыр же депутаттар үчүн ушундай болгону ыңгайлуу чыгар. А балким, А.Ибраимовго бул териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүнө ишенбөөгө өтө көп негиздер бар чыгар.

Карап көргүлөчү, кандай гана жугундуларды куюп, ишке кандай гана тоскоолдуктарды жаратып жатышат! Жарым жылдан бери. Бардык эле жоопту адамдар коррупцияга каршы күрөштө булардын эч кандай тиешеси жок экенин билишет. Ал эми Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду маанисиз айыптоолордон жана негизсиз кылмыштуу кысмакка алуудан кийин, өзгөчө, ЖЭБ иштери боюнча серепчилерди тикелей куугунтукка алуудан кийин кандай адам болбосун акыйкаттыктан үмүтүн үзүп коюшу мүмкүн. Коомчулук муну АКСтын мыйзамды жана моралдык принциптерди ачык эле, толук тоотпогондугу деп эбак эле айтып башташкан.

Албек Ибраимовду таасирдүү мэр деп эсептейм, анын убагында борбор шаарыбыздын чечилбестей көрүнгөн эсепсиз көйгөйлөрү биринин артынан бири чечиле баштабады беле. Ар дайым чечимдерди чечкиндүүлүк менен кабыл алчу, болгондо да кыйын, өткүр чечимдерди. Бирок, шаардыктардын алдында дайыма өзү жооп берчү жана башкалардын артына жашынчу эмес. Бүгүн бул –адамдардагы өтө сейрек сапат болуп калды го”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: