Кечээ, 13-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин чукул чакырылган, кезексиз 17-сессиясында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду ушул кызматка алып келген СДПК фракциясы ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышып, добуш берүүгө коюшту. Натыйжада СДПКнын демилгесин сессияга катышкан 40 депутаттын баары бир добуштан колдоп, добуш беришти. Депутаттарды Албек Ибраимов ага карата козголгон оор кылмыш иштерине карабай, 1-вице-мэри жана башка шаар жетекчилери камакка алынганына карабай, өзбилемдик кылып, шаар жетекчилигин таштап, 10-июлдан 8-августка чейин эмгек эргүүсүнө чыгып кеткендиги нааразы кылды.
Тоолордун биринде эс алып жүргөн Албек Ибраимов муну саясый куугунтук деп баалап, өзүнүн фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуусун жарыялады.
Ошондо бийликтеги СДПК партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсүн, Бишкек мэрин, аны бир кезде мэрлик кызматка алып келген Бишкек шаардык кеңештеги бийликтин ээси СДПК фракциясы саясый куугунтукка алып жатабы?
Булак: Кyrgyztoday.кg
Албек Ибраимовдун видеотасмасын Ютубга жүктөгөн: NEXT TV
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ