Menu

АКС башчысы Конгантиевге жең ичинен жеңилдик кылып жатабы?

Бөлүшүү:

Кыргыз кыйырына булганган генерал катары аты калган Молдомуса Конгантиевдин 7-апрель революциясы боюнча кылмыш ишинин кыскарышы барган сайын коомчулуктун катуу кыжырдантуусун жаратууда. Кандуу бийликтин “оту менен кирип, күлү менен чыккан” эргулдун ишинин кыскарышына УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшү кызматынын башчысы Сагын Исмаиловдун үлкөн салымы болгонбу? Эсиңерде болсо, Сагын Исмаилов учурда атайын кызматтын тергөө жагына олуттуу кийлигише алаары, бул жагынан колунда катуу рычагы бар экени белгилүү. Дал ушундай эбегейсиз мүмкүнчүлүгү аркылуу ал бир кездеги чогуу иштешкен шефи Молдомуса Конгантиевди катуу коргоп, ишин кыскартканга олуттуу салым коштубу? 2010-жылдын 7-апрель революциясынын алдында Конгантиев ИИМ жетекчиси болсо, Сагын Исмаилов Нарын ОИИББ башчысы катары түз иштешишкендери эсиңерден чыга элекпи? Шефи Конгантиев Таластан иттин баласынча сабалса, Сагынбек Исмаилов жаалданган Теңир-Тоо элинин колуна түшпөй, тоо таянып (азыркы эсеп палатасынын төрагасы Улугбек Марипов экөө) качып, кутулуп кетишкени жалган беле? Эгерде бу Сашка ошондо тоолуктардын колуна түшсө, көгала койдой сабалып, кебетеси ошондогу шефи Конгантиевдикинен да ашып түшөт беле? Кызык бекен? Эмесе, бул жагынан жакынкы күндөрү кызыктуу маалыматтар түрмөгүн чубап чыгууга аракет кылмакчыбыз.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: